Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

7:28 “Де-факто” гезитинин компьютерлери бүгүн кайтарылышы ыктымал


Бул тууралуу “Азаттыкка” басылманын башкы редактору Чолпон Орозобекова тергөөчү Турат Байчаевдин убадасына таянып билдирди. Ошол эле учурда Свердлов райондук соту гезиттин компьютерлерин кайтарып берүү боюнча арызын кароону бүгүнкүгө белгилеген. Башкы редактордун божомолунда, бирок шаардык милиция сотко чейин эле компьютерлерди кайтарышы ыктымал. Эки жума мурда шаардык прокуратура “Де-факто” гезитине жалган маалымат таратты деген айып менен кылмыш ишин козгоп, анын негизинде милиция редакция компьютерлерин алып кеткен эле. Ушундан улам бир жума чыкпай калган гезит өткөн аптадан тарта кайра жарыкка чыга баштады. Чолпон Орозобекованын айтымында, гезит мындан ары үзгүлтүксүз чыга бермекчи.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG