Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

84 ЖАШТАГЫ МУГАБЕ ДАГЫ 5 ЖЫЛ ПРЕЗИДЕНТ БОЛОТ


Амирбек Усманов, Прага Роберт Мугабе - дагы беш жыл Зимбабвенин президенти болот. Бирок Улуттар Уюму баш болгон эл аралык коомчулук 27-июнда өткөн кайра шайлоону «фарс» деп, анын жыйынтыгын тааныбасын билдирди. Оппозиция лидери Морган Цвингираи өзүнүн жана тарапкерлеринин өмүрүнө болгон коркучка байланыштуу шайлоого катышуудан баш тарткан. Цвингираи бийликтин кийлигишүүсү менен өткөн биринчи айлампада жеңген, бирок керектүү сандагы добушту алган эмес.

Жекшемби күнү Роберт Мугабе президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланып, ырасмий түрдө дагы беш жылга тактыга отургузулду. Шайлоо комиссиянынын маалымдашынча, Мугабеге шайлоочулардын 86 проценти ишеним көрсөткөн. Бул шайлоонун март айында өткөн биринчи айлампасынан эки эсе көп. Оппозиция лидери, биринчи айлампанын жеңүүчүсү Морган Цвингираи өз өмүрүнө болгон коркунучка, тарапкерлерине көрсөтүлгөн зобун- зордукка байланыштуу шайлоого катышпады. Бирок, ал үчүн 233 миңдей адам добуш берген.

Шайлоо, эл аралык байкоочулардын айтымында, элди коркутуп-үркүтүүлөр менен коштолду. Эл ичинде коркутуп-үркүтүү өкүм сүргөнүн Африка өлкөлөр парламентинин миссия башчысы Маруик Кхумало да жекшемби күнү Харариде тастыктады:

- Жек көрүүчүлүккө чакырган сөздөр, зобун- зордукка тукуруу жана согушчул риторика шайлоочулардын үшүн алып, тынчын кетирди. Абройлуу лидерлердин билдирүүлөрү өкмөт демөөрлөгөн зобун- зордукту унутканга мүмкүндүк бербеди. Бул абдан өкүндүрөт.

Цвингираинин ырасташынча, бийликтин март айынан берки зобун зордугунан оппозициянын 80ден ашуун мүчөсү өлгөн, 200 миңдей адам жанын сактоо үчүн там-жайын таштап кеткен:

- Ушундан улам, миссия Зимбабведеги кырдаал шайлоону эркин, калыс өттү, жыйынтыгына ишенүүгө болот деп айта албайт,- деп билдирди Африка өлкөлөр парламентинин миссия башчысы Кхумало.

Еврокомиссиянын өкүлү Кристина Нажи жума күнү эле Евробримдик Зимбабведеги шайлоону мыйзамдуу деп эсептебесин эскерткен:

- Еврокомиссия, Улуттар Уюмундай эле, (Зимбабведе) шайлоону мыйзамдуу өттү деп айта албайт.

Африка Биримдиги, Улуттар Уюму, өнөр жайы өнүккөн Чоң сегиз шайлоонун эркин өтүүсүнө шарт жок экенин айтып, өкмөт Цвингираинин колдоочуларына каршы коопсуздук күчтөрүн жана жалпы журтту тукуруп жаткан кырдаалда маанилүү саясый өнөктүктү кийинге калтыра турууга чакырган. Ал эми АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс дүйнөнүн ири мамлекеттерин Мугабенин зобунчул саясатчына каршы чара көрүүгө чакырган.

Германиянын канцлери Анжелика Меркель жекшемби күнү “Die Welt”басылмасында чыккан макалада Зимбабведеги президенттик шайлоону «көз бойомочулук» деп атап, «Мугабеде мыйзамдуу эч нерсе калбады» деген пикирин айтты. Меркель, ошондой эле, Евробримдикти Мугабеге жана анын жөкөрлөрүнө каршы санкцияны күчөтүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG