Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Зимбабве президенти ант берди


Роберт Мугабе өлкөнү башкаруу мөөнөтүн дагы беш жылга узартты. Анын алдында Зимбабвенин бийлик өкүлдөрү президенттикке жападан жалгыз талапкер Мугабе шайлоочулардын сексен беш пайыздан ашуун добушун алганын кабарлашкан. Оппозиция лидери Морган Цвангираи шайлоо мыйзамсыз өткөнүн белгилөөдө. Ал бийликтин кысмагынан улам шайлоонун экинчи айлампасына катышуудан баш тарткан. АКШ мамлекттик катчысы Кондализа Райс болсо дүйнөнүн ири өлкөлөрүн Зимбабвеге карата катаал чараларады көрүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG