Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

АКЫРКЫ КЕП ПРЕЗИДЕНТТЕ КАЛДЫ


“Жарандардын тынч, куралсыз пикет, митинг өткөрүү укугу” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламент тарабынан жактырылып, мамлекет башчыгы сунушталган. Укук коргоочулар бул мыйзам долбоорун эл, саясатчылар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатуу менен алаксып жаткан учурда парламент атайын өткөрүп жиберди, деген нааразылыгын билдирип келишет. Алар ошондой эле мамлекет башчы Курманбек Бакиевден жарандардын негизги саясий укугу болуп эсептелген пикет, митинг өткөрүү эркиндигин чектеген мыйзам долбооруна кол койбоосун өтүнүп, байма-бай кайрылышууда.

Бүгүн Кыргызстандын Акыйкатчысы менен бейөкмөт уюмдар президентке митинг, жүрүштөр тууралуу мыйзамга кол койбоого чакырган кат жолдошмокчу. Бул катка 148 коомдук уюмдун жана алардын 500дөн ашуун өкүлдөрүнүн жер-жерлерден жиберген телеграмма жана каттары тиркелет. “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча “Жарандардын тынч, куралсыз пикет, митинг өткөрүү укугу” тууралуу мыйзамдын айланасында жер-жерлерде угуулар өткөрүлгөн. Бүгүнкү мамлекет башчыга жолдонуучу кат ошол угуулардан кийинки калктын талабы, дейт Төлөйкан Исмаилова:

- Анткени эл түшүнүп турат: мына ушундай тынч пикет, митингге чыгуу менен гана биздин аткаминерлерге өздөрүнүн үнүн, көйгөйүн, нааразылыгын жеткирүүгө болорун. Ошондуктан, алар талап кылып жатышат. Биз Кыргызстандын бардык аймактарында атайын угууларды өткөрүп, буга өзүбүз күбө болдук. Бул мыйзамга президент мырза кол койсо, Кыргызстан адам укугу жаатында артка кетет.

Коомдук уюмдардын мамлекет башчыга жолдогон кайрылуусун президентке Акыйкатчы Турсунбек Акун тапшырмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы маалымдады:

- Парламент тарабынан жактырылган мыйзам долбоору адам укуктарынын эл аралык деңгээлине туура келбейт, демократиянын жол-жобосунан кетенчиктөө, деп биз баа бергенбиз. Өткөндө интернет аркылуу оюмду билдирсем, президент көңүл буруп, ага негиздеме берүүмдү сураптыр. Мына ошого коомдук уюмдардын кайрылуусун кошуп, президентке тапшырууга аракет кылам.

Жарандардын пикет, митинг өткөрүү эркиндигин чектеген мыйзам долбооруна вето коюу өтүнүчү менен буга чейин президент Курманбек Бакиевге “Кел-кел” жаштар уюму, “Кылым шамы” бейөкмөт уюму кайрылышкан.

“Жарандардын тынч, куралсыз пикет, митинг өткөрүү укугу” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоорунун автору –Коммунисттер партиясынын лидери, ЖК депутаты Исхак Масалиев. Ал өзү даярдаган мыйзам долбоорунда адам укугун чектөө жок, деп эсептейт. Депутаттын белгилөөсү боюнча Конституцияда атуулдардын пикет, митингдерди өткөрүү укугу бар деп жазылып, ал укуктар кандай эреже менен кантип өтүшү мыйзам менен чектелет деп белгиленген. Мына ошол чекти эрежелерге салып, мыйзам негизинде ирээтке салдык, дейт Исхак Масалиев.

Жаңы мыйзам долбоору боюнча пикет, митингдер эл көп жүрүүчү жолдордон, президент, өкмөт жана Жогорку кеңеш жайгашкан имараттардан алыс өтүүгө тийиш. Укук коргоочулар бул мыйзам долбоорундагы эң чоң укук бузуу деп эсептешет. Ал эми бул мыйзамдын жактоочуларынын бири, ЖК депутаты Бейшенбек Абдыразаков мындай учурда тартип болот, деген пикирде:

- Жазып, кабарлап коюп, анан атайын уруксат берилген жерлерге чыгыш керек, тартип болуш керек. Таптакыр эле пикет, митинг өткөрүүгө болбойт, деп буларды токтотуп салуу жок, буга чейин деле болгон, мындан кийин деле боло берет. Бирок тартипти сакташ керек.

Эртең Конституциялык сотто “Борбор калаанын макамы” тууралуу мыйзамдын 11-беренесине баа берет. Бул беренеге ылайык шаардык кеңеш пикет, митингдерди өткөрүүгө уруксат берүү тартибин карайт. Укук коргоочулар мына ушул беренени жокко чыгарып берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылышкан. Алардын айтуусунда бул мыйзам Башмыйзамдагы акыркы өзгөртүүлөрдөн кийин өзгөрүүсүз калган. Өткөн жылдын аягында Бишкек шаардык кеңеши ушул 11-берененин негизинде пикет, митинг өткөрүүгө чектөө киргизген токтом кабыл алып, анын негизинде шаардык милиция нааразылык иш-чараларынын катышуучуларын бир нече ирет камакка алган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG