Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

14:27 Бишкекте жаштарды ишкерликке үйрөтүү долбоору ишке киришти


Иш-чара Бишкек ишкерлер клубу, БУУнун Ыктыярчылар программасынын Жаштык долбоору жана EdNet билим берүү ассоциациясынын демилгесинде ишке ашууда.
Бишкектеги ЖОЖдордун экономика факультетинин студенттери үчүн уюштурулуп жаткан бул долбоор бир жумага негизделген. Сынактан өткөн жаштар бир апта ичи атайы адистерден ишкерликти жүргүзүүнүн оош-кыйыштары менен тааныша алышат. Мындан соң алар алган билимдерин айылдардагы жаштар менен бөлүшкөнү аймактарга чыгып кетишет. Студенттер Чүй, Ош, Жалалабат, Ысык-Көл жана Нарындагы айылдарда болушуп, жергиликтүү жаштардын дымагын ойготууну көздөйт. Долбоор жыйынтыгында элеттик жаштардын эң мыкты деп табылган бизнес пландарын ишке ашыруу үчүн камылгалар көрүлөт. (EK)

XS
SM
MD
LG