Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Т.ИСМАИЛОВА: БИЙЛИК ӨЗҮ КОНСТИТУЦИЯНЫ БУЗБАШЫ КЕРЕК


Маектешкен Мээрим Султангазы Акыйкатчы жана бир катар бей өкмөт уюмдар митинг, жүрүштөр тууралуу мыйзамга кол койбоого чакырган катты президентке жолдошкону жатат. Мына ушул маселенин айланасында Жарандар коррупцияга каршы уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Буга чейин укук коргоочулар, митинг, тынч жүрүштөрдү өткөрүү тууралуу мыйзам долбооруна каршы тегерек үстөл айланасындагы талкууларды өткөргөн элеңиздер. Эми бүгүн да мамлекет башчыга кайрылганы жатасыздар. Ушундай аракеттерден бир майнап чыгарына сиздин ишенимиңиз барбы?

- Сөзсүз түрдө. Анткени президенттин эң бир ыйык укугу бар – бул Конституциянын 45-берене. Анда Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын эркиндиги менен укуктарын урматоого жана камсыз кылууга бүткүл эл ишенип, президенттик бийлик бийик милдетин ар намыстуулук менен талыкпастан аткарууга өз элимдин жана ата журтумдун алдына ант берем деп президент кыргыз элине ант берген. Ошон үчүн бул фундаменталдык укук тынч пикеттер жана жыйындар бул коррупцияга каршы ачык коом үчүн жана жарандардын укуктарын сактоочу эң бир ыйык укуктар болуп эсептелет. Ошон үчүн биз терең ишенебиз 148 мамлекеттик эмес уюм жана 500гө жакын активдүү адамдар телеграммаларды жолдогон президентке.

- Укук коргоочулар аталган мыйзам долбоору Конституцияга карама-каршы келет, адам укуктары чектелип жатат деп башынан баштап эле айтып келатасыздар. Бирок адилет министри Марат Кайыпов муну чектөө эмес, тартип орнотуу катары сыпатагы маалым. Ошондой эле министр бирөөлөрдүн укугун коргоо менен башкалардын укугун бузууга жол берилбеш керек деп айткан эле. Эми жалпы жарандардын укуктарын бузбай митинг, жыйындарды өткөрүүдө кандай негиздер эске алыныш керек. Деги эле бул канчалык мүмкүн?

- Эң биринчи Конституцияны чоң даражадагы бийликте отурган министрлер жана парламентте отурган депутаттар бузбаш керек. Анткени, Конституцияга өзүлөрү кол салып атканына жалпы эл-журт күйүп атат. Ошон үчүн 18-беренеде айтат, Кыргыз Республикасында адамдардын эркиндиктерин жана укуктарын чектөөгө мыйзамдарды кабыл алганга эч мүмкүнчүлүк жок деп. Ошон үчүн мырза Кайыпов, биз ал кишини аябай урматтайбыз, ошон үчүн кичинекей кыргыз элинин укуктарын чектегендей мүмкүнчүлүк жок. Анткени саясатка министрлер жана депутаттар кийлигишпеш керек жана “Ак жол” партиясына көз каранды болбош керек.

- Ошентсе да, айрым байкоочулар митингдерди өткөрүүнүн жаңы тартиптери кандайдыр-бир олуттуу кесепеттерди жаратпайт деген пикирлерин билдиришүүдө. Сиздин көз карашыңызда эгерде мыйзам долбоор кабыл алынып калса, бул жарандардын кыжырын кайнатып, нааразылык акциялардын күч алышына алып келбейби?

- Мен аябай ишенем, анткени жалпы эл Конституцияны жакшы билет жана эл аралык принциптерди да жакшы билет. Ошондо дагы өз адамдардын, жарандардын укуктарын эч кимге бере албайбыз. Анткени Акаев мезгилинде дагы кыйналып жүрүп, Конституциялык соттун деңгээлинде утуп алганбыз 14-октябрь 2004-жылы. Ошону унутпаш керек. Анткени биз бир министрге, же бир депутатка өз укуктарыбызды бергендей эч мүмкүнчүлүк жок, биз алга жылышыбыз керек. Ошон үчүн биз өзүбүздүн укуктарыбызды такшалтып, мындан дагы күчтүү жарандар болгонго умтулабыз.

- Эртең Конституциялык сот Бишкек шаар Кеңешинин митинг, пикет, жыйындарды өткөрүүгө чектөө салган токтому боюнча арызды карап баштайт. Ушул токтом кабыл алынгандан кийин укук коргоочулар нааразычылык билдирип БШК имаратынын алдына чыкпадыңыздар беле. Айрымдар камака алынып, айрымдарына айып пул салынган эле. Эми сот бул токтомду жокко чыгаруу боюнча укук коргоочулардын арызын канаттандырбаса, укук коргоочулардын кийинки кадамдары кандай болот?

- Жалпы эл жана жогорку бийликте отурган адамдар дагы билет, бүгүнкү күндө соттор дагы “Ак жол” партиясына көз каранды болду калган. Бирок биз эмне үчүн президентке аракет кылып жер-жерлерде жыйындарды өткөрүп, жер-жерлерден элдин үнүн жана элдин талабын эң бир ыйык тепкичте отурган президентке жолдодук. Анткени президент биздин Конституция боюнча гарант, Конституциялык мыйзамдар жана укуктар бузулбасын деп. Ошон үчүн биз талап кылабыз. Мен ишенем Конституциялык сот мынчалык бузбаш керек, анткени жалпы эл азыр талап кылып аткандан кийин президент ошол мыйзамдын долбооруна сөсүз түрдө вето коюш керек.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG