Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

15:22 1-июлда Конституциялык сот “Кылым шамы” уюмунун арызын карайт


Арызда уюм “Борбордун өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзамдын 11 беренесин жокко чыгарууну талап кылууда. Мына ушул беренеге таянып, Бишкек шаардык кеңеши борбордо митинг жана пикеттерди өткөрүүнү чектеген токтом кабыл алган. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова бүгүн билдирди. Абдырасулованын маалыматы боюнча, “Борбордун өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзам 1994-жылы кабыл алынган. Анда митинг, пикеттерди өткөрүүгө уруксат алыныш керек деген жобо 11 беренеде жазылган. Шаардык кеңеш мына ошол беренеге таянып, өз токтомун кабыл алган. Бирок 1994-жылдан бери бир нече ирет өзгөргөн конституциянын талаптарына мыйзам туура келбейт. Ошондуктан биз Бишкектин өзгөчө статусу жөнүндөгү мыйзамдын 11 беренесин конституцияга каршы келген берене катары жокко чыгарууну талап кылып жатабыз, деди Азиза Абдырасулова.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG