Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

15:27 Ушул жумада “Агым+” гезитинин биринчи саны чыгат


Бул тууралуу “Агым” гезитинин ээси депутат Бегаалы Наргозуев Азаттыкка билдирди. Анын айтымында редакция учурда жаштарды окурмандыкка тартуу саясатын жүргүзүүдө. Бул үчүн жай ичи негизги басылма “Агымдын” ордуна “Агым+” гезити чыгып турат. Жаңы гезит өзүнө саясаттан тыш жаштар үчүн кызык макалар камтымакчы. “Эгер 2 ай ичи гезит өзүн актагыдай болсо, жаштар үчүн өзүнчө басылма жарык көрөт” – дейт депутат. Анын айтымында “Агым” муну менен саясаттан эч четтебейт. Гезиттин мурдагы жетекчиси Мелис Эшимканов УТРКга жетекчиликке кеткени гезиттин оппозициялык маанайы түшүп калган. Гезиттин учурдагы ээси Бегаалы Наргозуев да бийликчил “Ак жол” партиясынан парламентте депутат. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG