Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Эртең ЕККУнун мурдагы төрагасы, Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Ступтун Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Бул визиттин максаты, дегеле Кыргызстан бул уюмдун алдында алган милдеттенмелерин кандай аткарып жаткандыгы тууралуу уюмдун коомдук байланыш боюнча кеңешчиси Бурул Усманалиева менен “Азаттыктын” таңкы түз обосунда баарлашкан элек.

- Жогоруда айтылгандай Александр Ступ Кыргызстандын жетекчилимги менен жолугушуусу менен каралган экен. Анын жүрүшүндө кайсы маселелер козголмокчу. Ушул сапардын максатына токтоло кетсеңиз?

- Туура айтасыз, эртең Финляндиянын тышкы иштер министри жана ошол эле кезде ЕККУнун учурдагы төрагасы Александр Ступ келатат. Анын Ортоазияга атайын пландаштырылган визити бар экен. Бул визитте эртең президентибиз, парламенттин спикери, андан тышкары жарандык коом жана саясий партиялар менен жолукканы жатат. Каралган суроолор ушул жолугушууда – булар ЕККУнун алкагындагы Кыргызстандын милдеттемелерин аткаруу, чегаралардын коопсуздугу, андан тышкары экологиялык коопсуздук, адам укуктары жана башка региондук стабилдүүлүк суроолору боюнча сүйлөшөт.

- ЕККУ төрагасы ошондой эле саясий партия жана бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен дагы пикир алышып, Кыргызстандагы акыркы кырдаал тууралуу маалымат алаары дагы кабарланган эле. Сиз өзүңүз айтып кеттиңиз, жетекчилик менен адам укугу, сөз эркиндиги жаатында дагы маселелер каралат деп. Белгилүү болгондой эртең Конституциялык сотто Бишкек шаардык Кеңешинин митинг, пикет, жыйындарды өткөрүүгө чектөө салган токтому боюгча арыз каралып баштайт эмеспи. Бул маселе боюнча дагы бей өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен пикир алмашуу болобу?

- Бул визиттин эң негизги маанилүүлүгү жарандык коом жана саясий партиялардын өкүлдөрү келгенде ушул суроолорду алар ачыкка алып чыгат деп ойлойм. Ошондо биздеги болуп аткан курч суроолорду, сөз эркиндигине болуп аткан басымды жана башка пикеттерге, тынч жүрүштөргө жасалган чектөөлөрдү алар алып чыкса, Александр Ступ төрага катары өзү тиешелүү сигналдарды биздин жетекчиликке берет деп ойлойм. Ага чейин деле жолуккан атат биздин жетекчилик менен. Алдын ала пландаштырганда деле ушул суроолорду ал биздин жетекчиликке узатып атат.

- Белгилүү болгондой 2010-жылы оюмда төрагалык орунду Казакстанга өтмөй болуп атат. ЕККУнун жыйынында Казакстан адам укутары жаатында милдеттемлерин аткарбай жатат деген сынга кабылды. Дегеле Казакстандын төрагалык кылышы Борборазия мамлекеттерине, ошол эле Кыргызстанга эмне алып келет?

- Туура айтасыз, 2010-жылы Казакстан төрагалыкка өткөнү жатат. Төрага Алекстанд Ступ өзүнүн кайрылуусунда айтат, Борбордук Азияда жана дегеле Евразияда Казакстан биринчи жолу төрагалыкка ээ болгону жатат деп. Анткени, коопсуздук жагынан биздин регион ОБСЕге аябай маанилүү экен. Ошондуктан Казакстанга төрагалыкты бергени жатышыптыр. Анан эмнени алып келет дей турган болсок, Казакстан Борбор Азиянын бүт суроолорун чечүүгө кандайдыр бир чоң салымын кошот деген үмүттөбүз. Анткени, биздин Борбордук Азияда суу, чегара проблемалары, биргелешип иштөө маселелери көп болуп жатат. Ошонун бардыгына активдүү көңүл бурат деген үмүттөбүз.

- Бурул айым, өзүңүз жогоруда айтып кеттиңиз, Борборазия чөлкөмү уюмга өтө маанилүү болуп жатат деп. Мына учурда төрагалык кылып жаткан Финляндия Борбор Азия чөлкөмүнө, ошол эле Кыргызстанга карата эки жыл аралыгында стратегиясы кандай болот?

- Келердин астында, төрага Александр Ступ өзүнүн сөзүндө жарыялаган экен, ошондо айтыптыр Кыргызстан Борбор Азияда эң чечүүчү коопсуздук ролду ойнойт деп. Ошондуктан ушундай чоң мааниде биздин өлкөгө келип жаткан болуш керек. Негизинен коопсуздук жагы көп басым болуп жаткандай. Ошондуктан бул визиттин маанилүүлүгү ошого байланыштуу деп айтса да болот.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG