Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

«ДЕ ФАКТОНУН» ЭКИ СОТУ, КҮТӨ ТУРАЛЫ


Ушул жылдын 10-июнунда «Де Факто» гезитинде жарыяланган бийлик башчысына жолдогон кайрылууга мыйзам сактоо кызматтары ыкчам жооп жасап, басылма жетекчилерине карата кылмыш иши ачылып, редакцияда тинтүү жүргүзүлгөн. Бишкек шаарынын прокурору кайрылуунун автору табылбай жатканын айтса, гезит окурмандары бул эркин басылманы жаап коюу амалы экенин билдиришүүдө.

Коомчулуктун чоң талкуусуна түшкөн талаштуу билдирүүнүн автору Замира Молдоева аттуу зайыпты ички иштер кызматкерлери эчен издеп таба алышпаганын Бишкек шаарынын прокурору Айбек Турганбаев парламент депутаттарынын алдында ачыкка чыгарган жайы бар.

- З.Молдоеванын билдирүүсүнүн жумушчу нускасы табылды. Бирок анын колу жок экен. Кийин гезиттин башкы редактору Ч.Орозобекова айым өзү ал билдирүүнүн түп нускасын алып келип берди. Анда да коюлган кол жок экен, биз аны да ишке тиркедик.

А.Турганбаев белгилүү укук коргоочу Качкын Булатов З.Молдоева ким экенин биле тургандыгын жарыя кылганын, бирок ал айткан даректен билдирүү автору табылбаганын маалымдады. Ошондой эле ал тергөө иштери аягына чыга электигине байланыштуу биртоп маалыматтарды айта албастыгын кабарлады.

Ал эми “Де Факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова макалада аты аталган адамдар сотко кайрылып, талаштуу иш жарандык сот аркылуу чечилиши керек эле деп эсептейт.

- Бирок булар бийликтин машинасын пайдаланып, бизге кылмыш ишин козгоп ушундай ызы-чуу кылып жиберишти. Бул күндөр да өтөт. Муну да жеңебиз. Жайында гезитте бираз тыныгуу болот. Каникулга чыгабыз. А бирок күздө ишибизди кадимкидей уланта беребиз.

З.Молдоеванын кайрылуусуна карата мыйзам сактоо кызматтарынын ыкчам жооп кылышы парламент депутаты Бакыт Бешимовдун пикиринде оголе көп түкшүмөл суроолорду жаратпай койбойт. Маалымдоо каражаттарында толгон-токой мыйзамсыздыктар тууралуу чагылдырылганы менен алардын көпчүлүгү мыйзам сактоо органдарынын баамынын сыртында калып келатканы деле жашыруун эмес.

- “Агым” гезити, башка басылмаларда Кыргызстан калкына карата жасалган толгон-токой кылмыштуу иштер жөнүндө жазылат. Көзөмөл жүргүзчү органдардын бир да бирөөнүн аракетин байкабайсың. Ошол эле “Агым” гезитинде жарыяланган материалдар, Кыргызстан элине келтирилген зыяндар менен “Де Фактого” каршы козголгон кылмыш ишине негиз берген окуяны салыштырып болбойт. Бул кылмыш иштин иргелип, саясий негизге таянып жасалгандыгынан кабар берет,- деп айтты Бакыт Бешимов.

Акыйкатта да бүгүн чыккан макалага эртеси күнү кылмыш ишин ачып, үчүнчү күнү редакцияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө таң калганын парламент депутаты Роза Отунбаева да жашырган жок.

- Ушинтип баарын бир заматта жасап коюуга кандай кубаттуу күч керек? Бизде болсо миңдеген иштер аягына чыкпай каларын бул жерде айткыбыз келбейт. Мунун аягы бүгүнкү бийликте отургандарга барып такалат.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Де Факто” гезитинен А.Салиевдин пайдасына 1 миллион сом айыппул өндүрүп берүү тууралу чыгарган чечиминин сыясы кургай электе эркин басылмага каршы кылмыш иши козголуп отурат. Басылманын башкы редактору Ч.Орозобекова Биринчи Май райондук сот чечимин жокко чыгаруу тууралуу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жөнөтүшкөнүн маалымдады. Ал эми ачылган кылмыш иштин аныгына жетүү тергөө органдарынын аракетине жараша болмокчу. Тергөө кызматы 14-июндагы редакциянын имаратын тинтүү учурунда алып кеткен 5 компютерди дагыле кайтара элек.
XS
SM
MD
LG