Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

ГУАМдын САММИТИ ГРУЗИЯДА ӨТӨТ, БИРОК УЮМДУН КЕЛЕЧЕГИ КҮМӨН ЖАРАТУУДА


Грузия, Украина, Азербайжан, Молдованын башын бириктирген ГУАМ уюмунун кезектеги саммити 1-2-июль күндөрү Грузиянын Кара деңиз жээгиндеги Батуми шаарында өткөн жатат. Саммиттин быйылкы урааны "ГУАМ- Европанын Чыгышын бириктирүү". Бирок батышчыл багыттагы бул бирикмеден чыгуусу үчүн Орусиянын кысымына кабылган Молдованын президенти Владимир Воронин жыйынга келбей тургандай.

Расмий аты азыр Демократилык жана Экономикалык өнүгүү уюму - ГУАМ деп аталган бул регионалдык бирикме Украина, Грузия, Азербайжан, Молдова тарабынан ич ара кызматташтыкты чыңдоого шарт түзүү жана Европага интеграцияланууну колдоо үчүн 1997 –жылы уюшулган. Кийинчерээк, 1999-жылы ГУАМга Борбор Азиядан Өзбекстан да кошулган болчу. Бирок расмий Ташкент андан 2005-жылы кайра чыгып кетип, мунун себебин уюмдун жаңы мүдөө -максаттары, карманган багыты Өзбекстандын кызыкчылыгына шайкеш келбей калгандыгы менен түшүндүргөн.

Батышчыл багыттагы уюм деп эсептелген ГУАМды азыр көпчүлүк Орусиянын аймактагы таасирине каршы туруунун бир жолу катары карашууда. Бирок уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери мындай мүдөөсү бар экенин төгүндөп келет.

Уюмдун буга чейинки саммиттери да анын келечегинен күмөн санаткан жагдайларда өтүп келген болчу.

Бул ирээт да Молдова президенти Владимир Воронин Батумидеги саммитке барбай турганын ушул дүйшөмбү күнү анын администрациясынан "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун румын –молдован кызматына ырасташты. Молдова уюмдун чыгуусу үчүн акыркы кездери Орусия тараптан кысымга кабылып келген.

Воронин ГУАМдын былтыр Азербайжанда өткөн саммитине катышпаганда эле Молдова уюмдан кетет деген жоромолдор жаралган. Анда молдован президенти Брюсселдеги өтө маанилүү жолугушуулардан улам саммитке келе албай калганын жүйөө кылган болчу.

Ал эми быйыл март айында Орусиянын " Коммерсанть" гезитиндеги маегинде Воронин Молдованын ГУАМга мүчөлүгүнүн келечегине өзү да шек саноосун билдирген.

"ГУАМ менен келечек тумандуу. Эгер экономикалык кызыкчылык болбосо, биз бул жерде кимдир бирөөгө каршы туруу үчүн эле калууга кызыкдар эмеспиз", - деген эле молдован президенти орусиялык басылмадагы маегинде.

Анткен менен молдован расмий өкүлдөрү өлкөсүнүн уюмдан чыгуу ниети жок экенин ырастоону улантып келүүдө. Өлкөнүн тышкы иштер министрин орун басары Андрей Стратан "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун румын - молдован кызматына буларды билдирди:

- Молдова ГУАМдан чыгууну караштырган жок. ГУАМ Молдова жакшы жана достук алакасы бар өлкөлөр тарабынан курулган. Ал мурдагы турумун сактайт жана Молдова республикасынын кызыкчылыгындагы долбоорлорду өнүктүрүүнү улантат.

Ал эми оппозициядагы Молдова Демократиялык партиясынын лидерлеринин бири Игорь Клипий өлкө ГУАМда Орусиянын кызыкчылыгын коргоо үчүн калат деген ишенимде:

- Менимче Молдова республикасы ГУАМдын чыкпайт. Бирок ГУАМдын алкагында кабыл алынуучу жана Орусия жактырбай турган чечимдер боюнча ар убак өзүнүн бөлөкчө турумун көргөзүп турат. Анткени азыр жана акыркы жылдары Молдовада орун алып жаткан нерселер өлкөнүн жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечимдер кээ бир конкреттүү проблемаларды чечүүгө эмес, көбүнесе бийликти сактап калууга көз каранды болууда.

Уюм ошондой эле Азербайжан жана Молдова сыяктуу өлкөлөр үчүн нукура демократиялык милдеттемелери жоктугуна байланыштуу сынга алынган учурлар да болгон. ГУАМдын башкатчысы Валерий Кеклеашвили жакында эле мындай сындарды "түшүнүктүү" деп атап, убакттын өтүшү менен алар "кубаттуу жана кадыр-барктуу" уюмга айланарына ишеним билдирди.

Айтор быйылкы саммит "ГУАМ – Европанын чыгышын бириктирүү" деген девиз астында өтмөкчү. Биринчи ирээт биргелешкенн сессиялар
үч маселе – экономикалык өнүгүү, гуманитардык жардам жана коопсуздук кызматташтыгы боюнча болот.

Саммитин соңунда аймактын транспорттук түйүндөрүн өнкүтүрүүгө көңүл бурган Батуми декларациясы кабыл алынмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG