Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:26

“Адам жана тагдыр” рубрикабыздын кезектеги чыгарылышы кыргыз элинин профессионал музыкасынын негиздөөчүсү, тунгуч композитор маркум Абдылас Малдыбаевдин өмүр-чыгармачылыгына арналды. Жогоруда Абдылас Малдыбаев жубайы Батипа Малдыбаева менен.


Абдылас Малдыбаев кызы Жылдыз Малдыбаева менен.

Абдылас Малдыбаев 1978-жылы 76 жаш курагында каза болгон. Кыргыз музыкасынын тунгуч нотасын жазган белгилүү инсан өмүрүнүн акыркы жылдары көзүнүн көрүүсү начарлап, нотасын мыктылап көчүрүп, архивге тапшырганга үлгүрбөй калганым, өмүрдөгү жалгыз арманым деген.

Кыргыз профессионал музыкасынын негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев Кыргыз опера жанрын биринчи жолу 1936-жылы Власов Фере менен түзгөн. Анткени опера жанрына музыканын бардык түрү кирерин музыка негиздөөчүнүн талантына даңгыр жол ачкан. Ошондон опера музыкалык искусствонун туу чокусу деген. Абдылас Малдыбаевдин кыргыз операсынын классикасын түзүүдө, башында турушу өзүнүн өмүр чыгармачылык тагдыры менен байланышат.

Анын өмүр баянында жазылгандай, балалык курагынын Кытай үркүн трагедиясына туш келиши, энеси Бейилданын кошокчу болушу, Малдыбаевдей өткүр таланттын өсүп чыгышына өзөк түзгөн. “Ажал ордуна” музыкалык драмасы кыргыздардын үркүп Кытайга баргандагы жашоо турмушун козгогон өтө армандуу чыгармалардын бири катары бааланган.

“Ажал ордуна” музыкалык драмасы музыка негиздөөчүнүн кыргыз спектаклинде, кыргыз обондорун, кыргыз музыкасын кошуп жаратуунун ачкычы болгон деп айтып калышат музыка таануучулар. Абдылас Малдыбаев атактуу музыка жазуучу катары элге-журтка тааныла баштаганда каргашалуу Улуу Ата Мекендик согуш чыккан. Ал өмүр тагдыры катаал, оор күндөрдө такшалган чыгармачыл адамдардын катарына кирет. Кыргыз эл акыны жана белгилүү жазуучу Эрнест Турсунов Малдыбаевди мындайча эскерет:

-Малдыбаев Борбордук Азиядагы аттын кашкасындай таанымал таланттардын сабына кирет. Ал кыргыз профессионал музыкасынын негиздөөчүсү катары кыргыз барда анын аты өчпөйт. Адамкерчиликтүү, кайрылган адамга ыймандуу караган киши болчу. Кыргызстандагы музыкалык окуу жайлар, маданий жайлар Малдыбаевдин сүрөөсү менен жаралган.

Прозаик жазуучу Эрнест Турсунов Малдыбаевдин кыргыз музыкасынын негиздөөчүсү катары жана адам катары да бийик экендигин белгилейт.” Анын басып өткөн өмүр жолу-- мезгилдин катаал кырдаалдарында чайналып, музыкага болгон шыгы өмүр тагдыры менен ажыралгыс”- дейт ал. Ошондон кайгылуу музыкаларды жазып опера жанры аркылуу чыгармачыл көксөөсүн кандырган чанда кезигүүчү талант катары бааланараны айтышат аны билгендер.

Кыргызга бир келген музыка негиздөөчүнүн өнөрүнүн өркүндөшүнө таланттуу актриса Батипа деген айымга жолуктурган тагдырдын бир жарк эткен учуру болгон. Батипа Малдыбаева “Кыргыз маданиятынын эмгек сиңирген актрисасы” кыргызга таанымал Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева жана Даркүл Күйүковадай белгилүү актрисалар менен Кыргыз драма театрында ийиндеш болуп иштешкен. Ар биринин өмүр-таржымалы өзүнчө табылгыс ардактуу да, армандуу да.

“Таланттуу адамдын байлыгы болбойт, тагдыры болот” дегендей Малдыбаевдин карылык курагы да оор болгон. Отмүш күндөрдүн өкүмүнөнбү айтор, көзүнүн көрүүсү начарлап, жашы улгайып калган талантты бир топ эле жүдөткөн. Ошондон жазган нотасын көчүрүп, архивге тапшырсам деген ниетине көзүнүн начарлашы жеткирбеген болуш керек. Бирок, кыргыз маданияты канчалык кастарлап сактоодо кандай иш аракеттерди көрдү болду экен?. Бул маселеде Абдылас Малдыбаевдин кызы Жылдыз Малдыбаева мындай дейт:

- Атамдын жүз жылдыгы 2006-жылы белгиленди. Көңүлүм толгон жок. Кыргыз маданиятынын өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымын айтпасак да түшүнүктүү. Атам кыргыз музыкасынын нотасын үй-бүлөсү үчүн жазган жок да!.. Кыргыз эли үчүн жазды. Ал элдин байлыгы. Эми сактап калуу маселеси турат. Бул мени ойлондурбай койбойт...

Кыргыз кыздарынын ичинен тунгуч композитор Жылдыз Малдыбаева профессионал музыка негиздөөчү атактуу инсан Абдылас Малдыбаевдин кызы болот. Жылдызга арнап жазган Малдыбаевдин “Жылдызым” деген ыры кыргызтелерадиосунун алтын казнасында сакталуу.(угуу)

Белгилүү инсан Малдыбаев кызы Жылдызга арнаган ырдын обонун жана текстин да өзү жазыптыр. Көп кырдуу таланттын чыгармасы, түйшүгү кыргыз элине кызмат кылып, кыргыз журтчулугунда сакталып калса, анын тукумун улаган кызы Жылдыз кыргыз кыздарынын ичинен алгачкы композитор болушу арийне сыймык эмей эмне. Жылдыз Малдыбаеванын акын Темиркул Умөталиевдин сөзүнө жазган “Таңшы комуз” деген ыры уктурулуп жүрөт.

Жылдыз Малдыбаева “Таңшы комуз” деген ырдын музыкасын жазууда кыргыз улутунун ар-намысы, бийиктиги биринчи тема болуп турганын айтат. Анан да атасынын жаркын элесине арнаган ыр дестем болсун дейт эскерип жатып. Ушундан Абдылас Малдыбаевдин музыкага болгон шыгы,таланты укум-тукуму аркылуу да уланып жатыптыр дейсиң.

Малдыбаев өзү сыяктуу кылымдар өтсө да чыгармалары аркылуу экинчи өмүрүн жашап жаткан Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөнбаев сыяктуу айтпай журтка аттын кашкасындай таанымал таланттар менен замандаш болгон. Алардын жазган либереттосундагы “Айчүрөк”, “Ажал ордуна”, “Алтын кыз” сыяктуу музыкалык драмалары музыка негиздөөчүнүн жүзүн, ошо кездеги Советтер Союзуна жарык кылып көрсөткөн.

1939-жылы Малдыбаевдин Фере Власов менен теңата болуп жазган кыргыз музыкалары Сталин тарабынан алкоого алынып, саясый бюронун чечими менен Кыргызстандан биринчи болуп Абдылас Малдыбаев: “ СССР союзунун эл артисти” деген наам алган. “КМШ мамлекеттеринин ичинен СССРдин эл артисти деген наамды биринчи жолу Кыргызстандык мызака негиздөөчү Абдылас Малдыбаев алган” деп тарыхта жазылып калган.

Айрым бир кыйын инсандан бактылуулугун сурасаң Улуу Ата мекендик согуш жылдарын, үркүн, репрессия сыяктуу өтмүштөрдү санап “бактылуулук келген жок” деп жооп беришет. Анынсыңарындай кыйын кезеңдерде калыптанган музыка негиздөөчү айтып калчуу дешет уккандар:” Көзүм жакшы көрбөй, калемдеп жазган нотамды мыктылап көчүрүп, архивге өткөргөнгө үлгүрбөй калдым. Ушул арманым болуп, ичимде кетет” деген экен жарыктык киши. Бирок, ал нотаны кийин балдарынын аракети менен архивге тапшырылыптыр. Ошентсе да Абдылас Малдыбаев жазып калтырган кыргыз профессионал музыкасынын нотасын азыркы техника өнүккөн заманда өчпөс кылып, сактап коюлса деген ниет ар бир кыргыз атуулунун жүрөгүн өйүтпөй койбосо керек. Анда ушул маселеде маданият министринин орун басары Коногалы Эсеналиевди кепке тарттык:

- Абдылас Малдыбаевдин эстелиги өзү туулуп өскөн аймакка тургузулган. Ал кыргыз музыкасынын өсүп-өнүгүшү менен жаңырып жашай берет деген оюм бар. Малдыбаевдин нотасы белгилүү музыкалык окуу жайларда сакталуу. Ошону колдонуу менен окуп жатышат. Кана, жылда жаңылап турсак деле болмок...Ага мүмкүнчүлүк жок болуп жатпайбы..

Ушундайча кеп салып берди маданият министринин орун басары Коногалы Эсеналиев. Айтса айтпаса Малдыбаев атак даңктын артынан түшпөптүр. Кыргыз улутунун музыкалык нотасын жазуу араке тинде жүрүп, тескерисинче атак -даңк Малдыбаевдин артынан ээрчип жүргөн дейт замандаштары. Ал тирүү кезинде белгилүү инсанга таандык сый-урматтарга ээ болгон. Советтер союзу учурунда опера балеттердин ичинен Кыргыз опера балет театрынын чыгармачыл көрөңгөсү көтөрүлүп, Ленин ордени менен сыйланган.

Ушул жылдары Кыргызстанда опера балет театрынын имараты курулсун деген Сталиндин колу коюлган буйрук чыккан. Бул 1948-жылдар болгон. Согуш чыгып токтоп калган Кыргыз опера балет театры 1954-жылы ачылат. Ошол жылы Малдыбаев “Манас” операсын жазган экен. Либереттосун Аалы Токомбаев менен Кубанычбек Маликов жазып, үчилтик аталган Манас, Семетей, Сейтек сыяктуу чоң-чоң опералардын төл башы болгон.

Абдылас Малдыбаев 50дөн ашык музыкалык чыгарма, 13 опера жазган. Ал Токтогул сыйлыгынын тунгуч лауреаты. Кыргызстандагы белгилүү опера балет театры Абдылас Малдыбаев атындагы театр деп аталып, Улуттук акча бирдигине Абдылас Малдыбаевдин сүрөтүнө орун берилген. Ал Чүй боорунун Кара-Булак айылында 1906-жылы 7-июнда жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG