Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

Кубат Чекиров, Прага Түндүк Кореянын өзөктүк программасын жүгөндөө боюнча алты тараптуу келишимдин аткарылышы Вашингтондун тышкы саясатында орчундуу маселелердин бири бойдон калууда. Түндүк Корея 27-июнда Йонбен өзөктүк борборундагы реактордун муздаткыч мунарасын жардырып жок кылган. Бул иш дүйнөлүк кубаттуу өлкөлөрдүн экономикалык жардамын алуу үчүн Түндүк Кореянын уран байытуу иштерин токтотуу жөнүндө келишимдин маанилүү баскычы болуп саналат. Бирок АКШдагы айрым саясатчылар Пхенян өзүнүн өзөктүк программасы жөнүндө келишим талап кылган маалыматтарды өз убагында жана толук бербей жатканын баса белгилешип, Буштун Түндүк Кореядагы соңку саясаты суу кечпей калганын айтып сынга алышууда.

Түндүк Кореянын өзөктүк программасын жөнгө салуу боюнча Пхенян менен АКШ, Орусия, Кытай, Жапония жана Түштүк Корея ортосунда алты тараптуу келишимге 2007-жылы февралда кол коюлган. Бул келишимдин шарттары боюнча Пхенян өзүнүн өзөктүк программасын ишке ашырууну токтотуп, уран байытуу боюнча бардык сырын ачып бермек. Анын ордуна Вашингтон Түндүк Кореяны террорду колдогон өлкөлөрдүн кара тизмесинен чыгарып, ага каршы киргизилген экономикалык санкцияларды алып таштап, башка өлкөлөр менен бирге Түндүк Кореяга экономикалык жардам көрсөтмөк. Бул келишимдин шарттары боюнча Пхенян май айынын башында өзүнүн өзөктүк программасы жөнүндө 18 миң барактан турган документти Вашингтонго берген. Ошондой эле документтер Бээжинге да берилген. Андан кийин 27-июнда Пхеняндан 100 чакырым түндүктө жайгашкан Йонбендеги өзөктүк комплекстин реакторунун муздаткыч мунарасы жардырылып жок кылынган.

Талдоочулардын баамында, 26-июнда өткөрүлүп берилген документтер Пхеняндын уранды байытууу иштеринин айрым сырын ачпашы да мүмкүн. Пхенян уран байытуу ишин токтотуу жолуна түштүбү же жокпу деген шек саноолор эл аралык коомчулукта дагы эле таркай элек.

Президент Буш 26-июнда сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Кореяны кара тизмеден чыгаруу жөнүндө Вашингтондун убадасын берип жатып, ошол эле учурда бул жердеги проблемалар жөнүндө да эскертип айта кеткен.

"Эгер Түндүк Корея туура жолдон чыкпаса, анда анын эл аралык коомчулук менен болгон мамилеси жакшырат. Эгер Түндүк Корея туура эмес жолго түшсө, анда Кошмо Штаттар жана анын алты тараптуу сүйлөшүүдөгү өнөктөштөрү тийиштүү чараларды көрөт. Эгер алар бардык сырын ачпай, плутоний жасоо, уран байытуу иштерин токтотпой, аны жайылтууну улантып жатышса, мунун артынан чоң кесепеттер келип чыгат», - деп эскерткен Буш.

АКШнын көзкаранды эмес ири иликтөө борбору -Америкалык Ишкерлик Институнун улук илимий кызматкери Жон Роберт Болтон «Уолл Стрит Жорнэл» басылмасында 30-июнда жарыялаган макаласында Буштун Түндүк Корея боюнча саясаты максатына жетпей калгандыгын билдирип, сынга алып чыкты.

«2007-жылы 13-февралдагы келишим боюнча Түндүк Корея өзүнүн бардык өзөктүк программасын толук жарыялоону 60 күндүн ичинде аткарууга тийиш болчу. Бул талап өз мөөнөтүндө аткарылган жок. Андан кийинки 14 айга кечигип берилген маалымат да коомчулукка жете элек. Ошондой эле мурда көп айтылып келгендей, Декларацияда уранды аскердик максатта байытуу жана Йонбен реакторунун көчүрмөсүн Сирияга курдуруу жөнүндө маалыматтар жок",-деп белгилейт Жон Болтон.

Ошондой эле Болтондун айтымында, Йонбендеги плутониум канчалык деңгээлде курал-жарак үчүн өндүрүлгөнү жана канчалык денгээлде жаап жашырылгандыгы ачыкталбаган маселе бойдон калууда. Йонбендин 18 миң бетти түзгөн документтерин талдап чыкканда анда көптөгөн маалыматтар жок болуп чыкты. Тактап айтканда өзөктүк реактордо баштапкы жылдары жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалымат жетишсиз.

Жон Болтон 2001-2005-жылдары АКШнын мамлекеттик катчысынын курал-жарак маселеси боюнча орун басары болуп иштеген. Ал Иран, Түндүк Корея сыяктуу уран байытып жаткан өлкөлөргө катаң саясат жүргүзүүнү жактап келаткандыгы менен белгилүү. Жон Болтон өткөн жылы Иранга каршы согуштук аракет баштоо жөнүндө Бушка үндөө менен кайрылган.

Жон Болтон Түндүк Корея эл аралык коомчулуктун көзүн будамайлап «эки жүздүү саясат» жүргүзүүнү улантууда деп эсептейт. Бул жерде Пхеняндын көз будамайлаган маалыматына негизденүү менен Ким Чен Ирге бийликте кала берүүгө жана колдон келишинче саясий-экономикалык пайдага туйтунууга гана өбөлгө түзүлүүдө.

АКШдагы Washington ProFile көз каранды эмес изилдөө борборунун маалыматына караганда, Түндүк Кореянын өзөктүк программасы 1950-жылдардын башында кытай жана советтик адистердин жардамы менен башталган. Пхеняндын бул тармактагы ишмердиги 80-жылдардын ортосунан тартып Вашингтондо олуттуу тынчсызданууларды пайда кылган. АКШнын колуна жеткен маалыматтарга караганда, Түндүк Корея атом бомбасын жасаганга керектүү плутоний өндүргөндү өздөштүргөн. Карнеги борборунун иликтөөсүнө караганда Түндүк Корея жылына 190 кг плутоний өндүргөнгө күчү жетет. Өзөктүк курал жасоо үчүн адистердин баамында төрт кг плутоний эле жетиштүү болот. 2006-жылы октябрда Пхенян жер алдында өзөктүк куралдардын сыноосун өткөргөн.
XS
SM
MD
LG