Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Ушул күндөрү Кыргызстанда франциялык "Теңир" тасмасынын бет ачаары өтүп жатат. Режисер Мари Жаул дө Поншевилдин Кыргызстанда тартылган көркөм тасмасы 3-6-июнь күндөрү Бишкектеги «Манас» кинотеатрында, ошондой эле Чолпон- Ата, Каракол, Нарын шаарларында да көрсөтүлмөкчү. Өз тасмасы менен тааныштыруу үчүн режиссер азыр Бишкекте, ал Франциядан жолго аттанаардын алдында дө Поншевил менен Парижде Жаңыл Жусубжан жолугуп, маектешти.

Амиранын күйөөсү экстремисттерге жалданып, Пакистан тарапта согушуп жүргөн болот. Келгенде кабагына каар жаап, эч кимди жактырбайт, аялын жанына жолотпойт. Амира күйөөсү алыста жүргөндө далай сөздөрдү угуп, жаны ачыйт, бирок айласы жок, таш түшкөн жеринде оор деп жашап келет.

Анан бир күнү ага Темир деген жигит жолугат. Темир Арал деңизи соолуп калгандан кийин Францияда гастарбайтер болуп жүрүп, депортацияланып, кийин кыргыз жергесинен өзүнүн аталаш туугандарын издеп келет. Бир караганда, Айтматовдун Жамийласына окшошуп кеткен бул тасма чындыгында бүгүнкү күндөгү таш боор эркек менен бактысыз аялдын тагдырын чагылдырат. Режисер Мари Жаул дө Пеншевилден алгач тасмасын эмне үчүн "Теңир" деп атаганын сурадым.

Марие дө Поншевил:- Көкө Теңирди - Ички Азиялык көчмөндөр туу тутушат. Теңир мага өтө жакын түшүнүк. Өзүм динчил эмесмин, дин элдерди бири-бирине касташтырат, согуштарга жана кыйроого алып келет.

Теңир түшүнүгү мен үчүн көк асмандын өзүндөй чексиздикти жана кол тийбес ыйыктыкты билдирет. Ар бир адамдын көкүрөгүндө мына ушундай ыйыктыктын учкуну бар, ошондуктан ал бир келип кеткен жашоодо жоопкерчиликти сезип жашайт. Биз, адам баласы, ушуну көз ирмемге да унутпастан, өтө жупуну жүрүшүбүз керек. Теңирчилик Кыргызстанда жакшы белгилүү болгон түшүнүк, бүгүн бул ишеним кайра жаралып жатат.

ЖЖ: Бул фильмди эмне үчүн тарттыңыз?

МП: - Мен ар дайым Борбор Азия аймагына кызыкчумун. Кыргызстан тууралуу көп окудум, мурдагы президент (Аскар Акаев) Францияда болгондо, мени Кыргызстанга келиңиз деп чакырган. Айтор, өзүм эле бир күнү жазып баштадым, Кыргызстанга улам кайра бардым, эл арасында жүрүп, алардын айткандарын уктум. Анан сценарий жазып, анын структурасын тууралаган адис менен иштештим. Айтор, бул өзүнөн өзү эле болуп калды.

ЖЖ: Каармандардын кыймыл-аракетин жаза баштаганда эле, алар өздөрүнчө "жашап" кетиштиби?

МП:- Мен Арал деңизи тууралуу көп нерселерди окугам. Бул тема мени абдан кызыктырчу. Жайлоонун жашоосун да Монголиядан жакшы билем. Кыгрызстандын тоолорунда кыздар менен таанышып, аялдар менен сырдаштым. Mени аялдардын тагдыры өтө кабатыр кылат. Өзүм жалаң эркек бир туугандарымдын арасында өстүм. Ага-инилеримдей каалаган окууну окуп, алдыма максаттарды коюп, ошолорго жете алгыдай болсом деп самачумун.

Бирок бойго жеткенден кийин, көп учурда турмуш бөлөкчө экенин билдим. Жасаган жумушум үчүн сый-урматка ээ болуу үчүн мен алда-канча көп күч жумшашым керек болду, эч качан эркектер менен бирдей айлык болгон жок. Мындай нерселер мени абдан капа кылчу. Дүйнөдө бардык өлкөлөрдө абал ушундай. Мен ушул түшүнүктү да Теңир тасмасынын концепциясына киргизгим келди.

Мындан тышкары, мен көп жерлерди кыдырдым, (Франциянын азыркы тышкы иштер министри Бернард Кушнер түзгөн) "Чек арасыз дарыгерлер" уюму менен көп иштештим. Мен барган өлкөлөрдүн өнүгүү деңгээли мени дайым кызыктырчу. Тилекке каршы, эң бир татынакай өлкөлөр дайым жарды, экономикалык жаткан Европа менен Америкага салыштырмалуу алсыз. Ушундан улам мен эбак эле "ушул өлкөлөрдө көп убакыт болом, алар тууралуу Европага маалымат жеткирем, эли адамгерчиликтүү ушул мамлекеттер тууралуу кабар бизге да жетсин" деп чечкем.

Монголияда, Тибетте, Сибир элдеринин меймандостугу жүрөгүмдүн түпкүрүндө жылуу сезим калтырды. Мен мына ушул ченемсиз меймандостук тууралуу да сөз кылгым келчү.

Бирок буга чейинки тасмаларыма караганда, "Теңир" филmминин маанайы бир аз салыңкы болуп калды. Менимче, бул аялдар менен эркектердин алакасы татаал экендигинен болду деп ойлойм. Мен тасмамда көрсөткөн жайлоо жер үстүндөгү бейиштин төрү эмес.

ЖЖ: Мен үчүн жайлоо ар дайым эң бир ак нийет, аруу, таза адамдар жашаган жерди, көздүн жоосун алган жаратылышты билдирет. Кыздары шаңдуу, келиндери ыйбаалуу, энелери мээримдүү, жигиттери шамдагай, аталары оокатчыл жана камкор...

МП:- Жок, бүгүн жайлоодо аялдар бактылуу эмес, эркектери таш боор. Муну мен өзүм көрдүм. Мен дайым "Эмне үчүн эркектер бийлик, бирөөгө үстөмөн болсом дегенде ичкен ашын жерге коет?!" деп ойлочумун. Мен бийликти эңсебейм, бирок теңдик, акыйкаттык болушу керек деп эсептейм. Бул дүйнөдө телегейи тегиз эч ким жок, Францияда да жок. Ишканаларда, мекемелерде керээлден кечке жан сабап иштегендердин баары ушундай сезимде жүрүшөт. Франциянын өкмөтүн карагылачы, 2-3 аял бар – бул таптакыр акыйкаттыкка жатпайт. Менимче эркек менен аялдын мамилеси көңүл жылытаарлык эмес.

ЖЖ: Ошого карабастан, көчмөн элдердин кыздары эр жүрөк жана эркин деп саналат эмеспи...

МП:- Бир замандарда болсо болгондур, бирок дин өтө күч алган жерде аялдарды кор тутушат. Анткени, дин адатта аялдардын эмес, эркектердин тарабында болот. Аял бала төрөп, оокат кылып, бардык оор жумушту жашайт. Бирок ал өзүнүн ким экенин билет, аял – мээрман жана берешен. Түпкүлүгүндө аял бийликке умтулбайт. Көчмөндөргө дин келгенде, ал дин эркектерге акча берсе, бул бүт элдин турмушун бузат.

ЖЖ: Кандай акча тууралуу айтып жатасыз?

МП:- Мен андай кишилерге жолуктум, жашоосунун маңызын жоготуп койгондорго. Менин фильмимде ошондой бирөө бар. Аны мусулман экстремисттер жалдап, согуштарга жиберишет. Ал кишинин турмушу бүт бузулат. Ал кадимки жашоосуна кайтып келет, бирок аялын сүйө албайт, балалуу боло албайт, бактысыз. Аялы да бактысыз...

ЖЖ: Сиз өзүңүздүн режиссер катары жасаган билдирүүңүздө "Европага дайым Азиядан элдер келет, бирок аларга Европада орун табылбайт. Анан алар кайда кайтып кетишет?" деп сураган элеңиз. Сиздин ата-бабаларыңызга орун табылыптыр го Европадан?!

МП:- Бул тээ эбак болгон окуялар. Менин чоң атам "Биз Күн Чыгыштан келгенбиз!" деп айтаар эле. Укмуш нерселерди саймедиреп айтып берсе, баары түшүмө кирчү. Aнын шакеги болор эле, бетинде жети төрт бурчтук чегилген. Чоң атам "Мына, көрдүңөрбү? Бул монголдордун эn белгиси, биздин ата-бабаларыбыз Чынгыз Ханга жакын мансаптуу кишилер болгон" деп калчу. Тамашалап айтчу, бирок бул чындык. Көп убакыт мурда болгон. Атам муундан муунга айтылып келген кепти мага калтырып кетти.

ЖЖ: -Сиз Монголияда, Ички Азиянын башка жактарына көп барып жүрөсүз. Ошол жактан түпкүлүгүңүз ошол жактан экенин сездиңизби?

МП: - Сездим. Бир жолу Тибетте жүргөндө, Миниак Конга деген улуу тоонун этегине токтолдум. Чоң атамдын ысмы да ушундай болчу! Көзүмөн жаш чуурду. Бир аз бассам, чакан бир үй турат, ичине кирсем бир кечил отурат. Жүзүнө күндүн нуру түшүп турду. Мен анын маңдайында отуруп, ыйлап атам. Же тилин билбейм. Маңдайымда чоң атам отургандай сезилди. Көп жүз жылдардан кийин үйүмө кайтып келгендей болдум. Менин чоң атамдын ата-теги чыккан жерде жүргөндөй болдум. Ушундай өтө таң калыштуу окуя болгон...

ЖЖ:- Сиздин "Теңир" тасмаңызды Парижден көрсөткөндө, көрүүчүлөрдүн арасында ошол кезде көрсөтмө менен Францияда жүргөн кыргыз сүрөтчүсү Асангул Байгазиев да болуптур, ал мага "Теңирди көрүп, ыйладым" деп айтты. Демек сиз өтө күчтүү фильм тарткан экенсиз да?!

МП:- Эсимде, Асангул аябай ыйлады. "Кантип ушундай кино тарттыңар билбейм, бирок бул Кыргызстандын портрети болуптур, өтө күчтүү фильм болуптур" деди. Бул сөздөрдү укканда мен өзүмдү өтө бактылуу сездим.
XS
SM
MD
LG