Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын жарандык авиация департаментинин башчысы Алик Аскаров ишенимдүү булактарына таянып кабарлады. Анын маалыматына караганда, кырсыктаган учакта Орусия, Белорусия жана Өзбекстандын жарандары болгон. Кечээ Орусия маалымат каражаттары Суданда Ил-76 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак аба майдандан көтөрүлгөндөн көп өтпөй жарылууга кабылып, анын ичиндеги 4 адам тең каза тапканын, алардын бирөөсү орусиялык, калгандары Казакстан менен Кыргызстандын жарандары болушу ыктымалдыгын кабарлаган.(SM)