Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

КОКУС ИРАНГА КОЛ САЛЫШСА, ТЕГЕРАН ЭМНЕ КЫЛА АЛАТ?


Израил жакында аскерий машыгуу өткөрүп, АКШ өкмөтүндөгү жана Пентагондогу айрым өкүлдөр аны Ирандын атомдук ишканаларына сокку уруунун камылгасы катары баалашканын өткөн аптада “Нью-Йорк таймс” гезити кабарлаган эле. Буга байланыштуу Тегерандын өкүлдөрү Иранга ким катылса да өзүнө жараша катыгын алат деп эскертишти.

“Нью-Йорк таймстагы” маалыматты Тегеранда эле эмес, башка жерлерде да кооптонуп кабыл алышты. МАГАТЭнин төрагасы Мохаммед ал-Барадей кокус Иранга каршы аскери операция башталса, мунун арты жалпы регионду кыямат кайымга саларын эскертип, өзү болсо ошо замат кызматтан кетерин билдирди.

Ал эми Иран эмне кыла алат? “Баарыдан мурда Ормуз кысыгын бууп,жалпы Перси булуңундагы кемелердин кыймылын кан буугандай кылып кыйып салат. Ормуз аркылуу дүйнөдөгү бардык мунайдын 40 проценти ташылып турарын сырт душмандар жакшы билет болуу керек”,- деп билдирди ислам революциясынын сакчылар Корпусунун башкы колбашчысы генерал Мохаммад Али Жафари. Мындан тышкары ал Ирандын Перси булуңундагы бардык деңиз кемелерине жана Израилдин өзүнө жеткидей ракеталары бар экенин эске салды. Буга кошумчалап Жафари агрессорго өз аймагын плацдарм кылып бере турган коңшулаш өлкөлөр да Ирандын ракеталык жапырыгына каларын эскертти.

Жафари кокус Израил кол салса, Иран менен бирге анын ислам дүйнөсүндөгү колдоочулары текши козголорун белгиледи. “Мындайда бери эле дегенде Ливандын түштүгүндөгү күчтөр кол куушуруп отуруп калбайт, палестиналык достор карап тура албайт”,- деп айтты ал. Жафари Ирандын аталган аймактардагы “достору менен союздаштары” кимдер экенин тактабаса да кеп “Хезболла” жана “Хамас” тууралуу болуп жатканы айкын. Тегерандык генерал Ирактагы радикал шейиттердин, Ооганстандагы талиптердин активдүү аракеттерге өтөрүн да каңкуу кылды. Жафаринин бул темадагы узун-сабак маеги кеңири белгилүү “Жам-е жам” гезитинде басылды.

Өткөн айда эл аралык делегация Тегеранга дипломатиялык жана экономикалык кошумча жардамдар каралган сунуштардын жаңы топтомун жеткирген эле. Мунун алдында Евросоюз финансы жана транспорт чүйрөсүндөгү санкцияларын күчөттү. Вашингтон болсо Коопсуздук Кеңешинен да Иранга каршы жаңы жазаналардын салынышын талап кылганы жатат.

Буга байланыштуу Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки АКШ ушу тушта үчүнчү, төртүнчү же бешинчи муундагы ядролук бомбаларды сынап жаткан өлкө экенин айтып, мындай мамлекет башкаларга ядролук энергияга ээ болушу керекпи-жокпу, муну үйрөткөнгө укугу жок деп билдирген эле.

Вашингтон азырынча иран проблемасын дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салганга умтуларын айтып,бирок зарылдыгы чыкса башка чаралар да көрүлүшү мүмкүн экенин ырастоодо.

XS
SM
MD
LG