Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Кытай бийлиги менен Тибеттин сүргүндөгү рухий жолбашчысы Далай Ламанын өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүү улантылган жатат. Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы ушул шейшемби, шаршемби күндөрү Пекинде өтөөрү белгиленген. Окуя кытай башкааласында Олимпида оюндары ачыларынын алдына туура келип олтурат. Ошондой эле бул жаңылык белгилүү болгон учурда Кытайда иш сапары менен АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жүргөн эле.

Сүйлөшүүлөр Пекинде улантыла турганын эки тарап тең ырастады. Тибеттин сүргүндөгү өкмөтүнүн билдиргенине караганда, Далай Ламанын эки чабарманы Индиядан Кытай башкааласына дүйшөмбү күнү жөнөп кетишти. Алардын түшүндүрмөсүнө караганда, "бул 2002-жылы башталган расмий диалогдун уландысы болот".

Ал эми Кытайдын мамлекеттик "Синьхуа" жаңылыктар агенттиги аты аталбаган өкмөт өкүлүнүн "биздин эшик Далай Лама менен диалогко ар убак ачык. Далай Лама бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, борбордук өкмөттүн талаптарына оң жооп берет деп үмүттөнөбүз",- деген сөздөрүн таратты.

Эки тараптын жабык эшик артында соңку бейрасмий жолугушуусу 4-май күнү түштүктөгү Шенжэнь шаарында өткөн. Анда Пекин болочок талкуулар боюнча сунуштарын жасап, башка жыйынтык болгон эмес.

Мунун алдында март айында Тибетте жана ага коңшу провинциялардын тибеттер жашаган аймактарында элдик толкундоолор орун алган эле. Кытай өкмөтү жергиликтүү кечилдердин нааразылык чарасын күч менен басып, окуя учурунда расмий маалымат боюнча 22 адам мерт болгон. Ал эми Тибеттин сүргүндөгү лидерлеринин эсебинде, өлгөндөрдүн саны 150дөн ашкан.

Расмий Пекин өз кезегинде тополоңдун артында турганы жана августа башталуучу Пекин Олимпиадасына даярдыкты үзгүлтүккө учуратууну көздөгөнү үчүн Далай Ламаны айыптаган. Дамай Лама Пекиндин айыптоолорун төгүндөп, тескерисинче Олимпиданын Кытайда өтүшүн колдоорун, Тибетти андан бөлүп кетүүнү эмес, ал үчүн чыныгы автономияны гана көздөп жүргөнүн айтып келүүдө.

Маселен быйыл апрелде Токиого барган учурунда мындай деген:

-Мен кайталайм, биринчиден биз Кытайга каршы эмеспиз. Биз Тибет Кытай эл республикасынын курамында калышын көздөйбүз. Материалдык өнүгүүгө көңүл бурулган сайын биз көбүрөөк пайда алабыз. Тибеттин уникалдуу бай маданий мурасын, Буддизмди жана башкаларды сактап калуу үчүн Тибет ошондой эле чыныгы автономияга ээ болуусу керек.

Батыш өлкөлөрү, эл аралык коомчулук тибеттиктердин толкундоосун күч менен басканы үчүн кытай бийликтерин айыптап, Пекинге Далай Лама менен сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруусу үчүн кысым көргөзүлгөн. Ал эми Олимпиада отунун дүйнө өлкөлөрү боюнча жүрүшүн Тибетти колдогондордун нааразылык акциялары коштогон. Май айынын башындагы жолугушууга Кытай мына ушундай шартта макул болгон эле.

Эми сүйлөшүүлөрдүн кайра жанданып жатышын көпчүлүк эксперттер расмий Пекиндин Олимпиада оюндары алдында эл аралык сынды жана кысымды азайтуу аркетине байланыштырышат.

Маселен америкалык "WSJ IE" басылмасы Нью-Йорктогу Колумбия университетинин Тибет боюнча эксперти Робби Барнеттин (Robbie Barnett) "Олимпиада алдында эл аралык беделин жакшы кармоого Кытай тынчызданат. Ошондой эле сүйлөшүүлөр жөнүндөгү бул жаңылыкка Тибеттин көпчүлүк жашоочулары чоң маани берет. Мындай жараянга үмүт болуп турган шартта Тибеттин ичиндеги адамдар нааразылык чараларын уюштуруудан такыр эле баш тартарынын айрым белгилери бар", - деген сөздөрүн келтирет.

"WSJ IE" басылмасы белгилегендей, Кытай менен Далай Ламанын чабармандары ортосунда 2002-жылдан бери өткөн бир нече айлампа сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы ачыкталган эмес. Бирок аларда негизги көңүл Далай Ламанын көбүрөөк автономия жөнүндөгү талабынан бурулган болушу мүмкүн.

Далай Лама Индияда сүргүндө 1959-жылы, Кытайдын Тибеттеги бийлигине каршы элдик козголоң ишке ашпай калгандан бери жашайт.

Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Кытайды аймакта дин эркиндигин өтө чектегени жана тибеттердин байыркы маданиятын жок кылгыдай саясат жүргүзүп жатканы үчүн айыпташат. Ал эми тибеттердин ишениминде, Пекиндин чөлкөмдөгү экономикалык планы Тибетке кытай улутундагыларды мүмкүн болушунча көбүрөөк көчүрүп келүүгө негизделген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG