Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

ОШТО ЖОЛ КИРЕ КЫМБАТТАДЫ


1-июлдан Ош шаарында автоунааларда жүрүү акысы кымбаттады. Жүргүнчүлөр муну акыйкатсыз чечим катары баалашууда. Ал эми жергиликтүү бийлик жана айдоочулар нарктын өсүшүн дүйнүлүк тенденцияга байланыштырууда.

Кыргызстандын түштүк борборунун биринчи вице-мэри Арфидин Аланов билдиргендей, 1-июлдан тартып жүргүнчүлөр күндүзү маршруткаларга – 7, автобустарга – 5, троллейбуска – 4 сомдон төлөшүүдө. Кечки саат 21:00дөн кийин жолго чыккандарга 3 сомдон кошулмакчы.

- Өзүңөргө малым, бүтүн дүйнөдө нефть продуктулары кымбаттады. Шаардык Кеңештин сессиясында депутаттар чечим кылып, ушундай тыянакка токтолушту. Күүйүүчү-майлоочу заттар өзүбүздү өндүрүлбөгөндөн кийин кимге таарынасың. Дүйнөлүк баага аргасыздан баш ийебиз да.

Кичи автобустун айдоочусу Алмаз Аман уулу жол киренин көтөрүлгөнүнө ичи чыкпагандыгын айтып буларды кошумчалады:

- Тапканыбыз күйүүчү-майлоочу майдан жана тетиктерден ашпай калды. Ошондуктан, кесиптештеримдин жарымы жумушун таштап кетишти. Мурда 1200 кичи автобус каттаса, азыр 600дөйү гана иштеп жатат. Жолкире 7 сом болушуна макул эмесин, 8 сом кылышпайбы. 10 сомду го эл көтөрүшү кыйын.

Өзүн Бактыкан деп тааныштырган эне автоунаадан наалып түшүп келатканда микрофон сундук эле:

- Ардагермин. 940 сом пенсия алам. Ал жолкиреге да жетпейт. Ушунча кылганга жараша пенсияга да кошуп коюшпайбы, - деп кыйла зынарлады.

Айдоочу Нурмамат Кадырбаев жүргүнчүлөр мурдагыдай маршруткага түшпөй калгандыгына абдан кейип-кепчиди.

- Баштагыдай болбой калды. Адамдар көчөдө аз. Бирөө-экөө кол көтөрсө, ошонусуна да кудайга шүгүр деп сүйүнөбүз. Бирок, минтип узакка чыдоо кыйын го.

Бюджеттик мекемелердин биринде эмгектенген айымды кепке тартканыбызда, өзүн Махабат Кошунбаева деп тааныштырып, буларга токтолду:

- Дайымы акча тапкандарга проблема эмес. Анткени менен иштебегендерге жана айлыктын көзүн карагандарга кыйын болду. Ушу жагын неге ойлонушпады экен?

Жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматовдун баамында, жол акынын кымбатташы калктын жакыр катмарына оор тийүүдө.

- Жолакынын кымбатташы калктын жакыр катмары - пенсионерлерге, жарыбаган айлыкка жашаган бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине, ата-энесинин колун караган студенттерге, чынында, оор тийип жатат. Ошол себептүү Өкмөт калк камын ойлосо, автобустардын, троллейбустардын санын көбөйтүп, жакынкы арада маселени чечпесе, социалдык жарылуу мындан да чоң чыгымдарга учуратышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG