Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

13:54 Бүгүн президент К.Бакиев ЕККУнун азыркы төрагасы Александр Стуббду кабыл алды


Жолугушууда президент Курманбек Бакиев Кыргызстан Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму менен кызматташууга зор маани берерин жана Финляндия менен эки тараптуу, көп тараптуу кызматташууларга кызыкдар экенин билдирген. “Кыргызстан демократиялык багытта өнүгүүгө бекем багыт алган мамлекет. Өлкөдөгү саясий партия, жарандык коом реформаларды турмушка ашырууга активдүү катышууда”,-деп белгилеген президент. ЕККУ менен экономика, экология жана коопсуздук багытында кызматташууга артыкчылык берилерин белгилеген К.Бакиев азык-түлүк, күйүүчү майларга баа жогорулоо учурунда чакан мамлекеттерге көмөк зарылдыгын билдирген. Өз кезегинде ЕККУнун азыркы төрагасы, Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Стубб Кыргызстан ачык коом түзүү, адам укуктарын жана сөз эркиндигин камсыз кылууда региондогу алдыңкы мамлекет экенин белгилеген. Стубб ошондой эле 2010-жылы ЕККУга төрагалык кылуу Казакстанга өтөөрүн, Кыргызстан да төрагалык кылууга Казакстандан кийин аракет кылса болоорун белгилеген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG