Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

14:23 Мыйзамсыз иштеп жаткан кытайлардын темир иштетүүчү ишканалары дале ишин улантууда


Москва районунундагы кытайлардын темир ээритүүчү ишканаларына байланыштуу жаз айларында Беловодск айылынын тургундары жергиликтүү бийликке кайрылуу жолдогон. Ал эми атайын түзүлгөн комиссия болсо ишканалар чынында талапка жооп бербеген шартта иштеп жаткандыгын жана электр энергиясы күн-түнү пайдаланылаарын тактап чыккан. Атайын түзүлгөн комиссиянын билдирүүсүнө караганда мындай ишканаларды иштетүүгө Кытайдын өзүндө уруксат жок, бирок кыргыз тарап тиешелүү документтердин баарын берип койгон. Учурда Петровкадагы кытайлардын бир ишканасы жабылганы туурсында губернатордун орун басары Турусбек Султаналиев «Азаттыкка» билдирди. Москва районунун аймагындагы мындай ишканадан дагы экөө бар. Андан чыккан түтүн, күйгөн зыяндуу калдыктар экологияга терс таасирин берүүдө деп кайрылган тургундардын нааразылыгы дале күчүндө турат. (JJ)

XS
SM
MD
LG