Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Бүгүн Конституциялык сот Бишкек шаар Кеңешинин митинг, пикет, жыйындарды өткөрүүгө чектөө салган токтому боюнча укук коргоочулардын арызын карамакчы. Мына ушул маселенин айланасында, сотко арыз менен кайрылган “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- 2004-жылы Конституциялык сот митинг, пикеттерди өткөрүүдө чектөө салган мыйзамдын үч беренесин жокко чыгарган эле. Бул ирет токтом боюнча сот кандай чечим чыгарышы мүмкүн?

- Тактап кетсек, биз эки маселе боюнча кайрылып атабыз. Биринчиси, Бишкек калаасынын статусу жөнүндөгү мыйзамдын 11-беренесин жокко чыгарып берүүнү өтүнүп атабыз. Экинчиси, Бишкек шаардык Кеңешинин кабыл алган токтомун жокко чыгарып берүүсүн өтүнүп атабыз. Мен ойлойм, эгерде мыйзам чегинде каралса бул эки маселе тең канаттандырылат.

- Азыркы кырдаал менен 2004-жылдагы кырдаалды алып караганда кандайдыр бир окшоштуктар барбы?

- Окшоштуктар бар деп айтсак болот. Айрыкча 2004-жылы, андан мурунку 2002-жылдагы пикет, митингдерге тыюу салынып, Аксыда элдер атылган убактагы жагдайга бүгүнкү күндөгү карамүртөздүк менен тыюу салынган абал экөөнүн аябай окшоштуктары бар. Бүгүн дагы көп адамдар камалып, сот жообуна тартылып атышат. 2002-2003-жылдары дагы так эле ушундай жагдай болуп турган Кыргызстанда.

- Митинг, пикеттерди өткөрүү боюнча мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Исхак Масалиев дагы айтып кетти, бул жерде пикет, митингдерди өткөргөн гана адамдардын укуктарын эмес, аны колдобогон жарандардын дагы укуктарын биз коргошубуз керек деп. Сиз буга кандай көз караштасыз. Анткени, коммерциялык делинген митингдер дагы орун алып атат деп айтылып атпайбы?

- Биринчиден, коммерциялык митингге Бишкек шаардык Кеңешинин токтому өзү жол коюп, кимдин акчасы бар болсо, ким акча төлөсө гана пикет, митингдерге уруксат берилет деген токтомду бийлик тарабынан кабыл алынып отурат. Бул деген кимдин колунда акчасы бар болсо гана пикет, митингге чыга алат дегенди бийлик өзү колдоп атат. Экинчиден, мен Исхак мырзаны түшүнөм, ал коммунист. Ал эми коммунисттик доордо болсо пикет, митингдерге таптакыр тыюу салынып келген. Ошондуктан Исхан Апсаматович өтүп кеткен доорду аябай эңсеп турат. Коммунисттик доордогу пикет, митинг, эркин ой жүгүртүүгө болгон тыюуларды, 37-жылкы Сталиндик репрессияларды эңсеп турган мыйзамды кабыл алып койду бүгүн.

- Бүгүн ЕККУнун учурдагы төрагасы, Финляндиянын тышкы иштеп министри Александр Ступ Кыргызстанга келип жетекчилик менен бир катар жолугушууларды өткөргөнү жатат. Анын жүрүшүндө дал ушул маселе да каралышы күтүлүүдө. Кабарларга ылайык министр мырза жетекчиликке өзүнүн бир кеңеш, сунуштарын айтат деп кабарланып атат. Бийлик ушул кеңештерге кулак салат деп айтсак болобу?

- Кыргызстан өзү ЕККУнун мүчөсү. ЕККУ тарабынан 2004-05-жылдары абдан жакшы документ иштелип чыккан. Буга 57 мамлекеттин бардыгынын өкүлдөрү катышкан. Ошол эле убакта Кыргызстандан Төлөйкан Исмаилова, мен жана Турсунбек Акун үчөөбүз катышканбыз. Ошол документти иштеп чыгарууга түздөн-түз, ал документ болсо эркин жыйындар жөнүндөгү мыйзамды иштеп чыгаруудагы жетекке алынуучу принциптер. Ошол 9 принцип жөнүндөгү абдан жакшы кенен маалыматтар берилген документ бар. Мен ойлойм, Ступ мырза келгенде биздин мамлекет башчысы менен жана башка жетекчи кызматындагы адамдар менен жолугушканда Кыргызстандын ЕККУнун алдындагы өзүнө кабыл алган милдетип жана принциптердин сакталышын эске салат деген оюбуз бер. Мамлекет башчысы дагы буга көңүл бөлөт деген үмүтүм бар.

- Эгерде сот сиздердин арызыңыздарды канаттандырбаса, анда кийинки аракеттериңиздер кандай болот?

- Сот бүгүнкү күндө биздин арызыбызды канаттандырбаса, Исхак Масалиев тарабынан даярдалган мыйзам бүгүнкү күндө президенттин кол коюусунда турат, биз президентке дагы жолугушууга аракеттерибизди жасайбыз жана президентке кайрылып ошол мыйзамга кол бойгоо чакырып турабыз азырынча. Эгерде ал мыйзамга кол коюлбай калып, жакшы принциптерге такалган мыйзам кабыл алынып калса, анда мыйзамга карама-каршы келет деген негиз менен дагы биздин бүгүнкү арызыбыз менен сот аркылуу кайра кайрылса болот.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG