Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

АЛЕКСАНДР СТУББ: АРТКА КЕТПӨӨ ҮЧҮН ЭТИЯТТЫК КЕРЕК


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек ЕККУ төрагасы Кыргызстанды адамдардын эркин чогулуу укуктарына кылдат мамиле жасоого чакырды. Буга байланышкан пикирин ЕККУ төрагасы Александр Стубб бүгүн Бишкекте журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Бир күндүк расмий сапар менен келген ЕККУ жетекчиси ошондой эле Кыргызстан Казакстандан кийин жакынкы жылдары ЕККУга төрага болуу жагын караштыруу мүмкүнчүлүгү барын билдирди. Бул тууралуу Александр Стубб президент Курманбек Бакиев менен жолугушууда билдирди.

ЕККУнун башчысы, Финляндиянын тышкы иштер министри Александар Стубб Кыргызстанга Борбор Азияны кыдыруу алкагында алгачкы сапар менен келди. Бир күндүк сапарында төрага президент Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңеш төрагасы Айтибай Тагаев, саясий партиялардын, жарандык лидерлердин өкүлдөрү менен да жолугушту. Сапарынын жыйынтыктаган маалымат жыйынында Стубб жолугушууларда дээрлик адам укуктарына, сөз эркиндигине, дин эркиндигине жана коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланганын, жолугушууда бир кылка эмес көз караштарды укканын айтты:

- Бардык жолугушууларда мыйзамдуулуктун үч негизги бөлүгү болгон медиа эркиндиги, эркин чогулуулар, диний эркиндик өңүтүндө сөз болду. Президент менен Тышкы иштер министринин өлкөнүн саясаты кайсы багытта бараткандыгы жөнүндөгү айткандарын ЕККУда карайбыз. Албетте, президенттин жана расмий тараптардын айткандары коргонуу багытын көздөйт. Бирок, саясий партиялардан, жарандык коомдордон, көз карандысыз журналисттерден менин укканым ар башка болду.

Александр Стубб маалымат жыйынында “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, жарандардын эркин чогулушуна байланышкан жаңы мыйзамдар демократиялык өлкөнү артка тартууга алып бара турган тобокелчилик экендигин белгиледи. Анын айтымында, бул маселеге өтө кылдат мамиле жасоо керек. Ошол эле учурда Стубб Кыргызстанда өлүм жазасынын алынып салынышы, түрмөлөргө байкоо жүргүзүүгө уруксат берилиши өңдүү көрүнүштөрдү алгылыктуу жактар катары баалады.
Президент Бакиев менен жолугушуусунда болсо төрага Стубб Кыргызстанды Казакстандан кийин ЕККУга төрагалык кылууга мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөрдүн катарына кошту. Мындай билдирүүнү “Акыйкат үчүн!” кыймылынын жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын сырын билбегендиктен эле айтылган сөз деген оюн айтты:

- Жаңы төрага болуп атат. Анан Борбордук Азияга биринчи жолу келип атыптыр. Бул Борбор Азиянын жана Кыргызстандын абалын терең билбейт болушу керек.

ЕККУга төрага болуу үчүн Кыргызстандын эл аралык аброю чоң, каражаты мол, дипломатиялык кадрлары күчтүү болушу керек, азыр андай мүмкүнчүлүк жок дейт мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов. Мурдагы тышкы иштер министрининин көз карашында Кыргызстандын эл аралык сыйга арзып, демократиялык нукка түшүшү ЕККУ өндүү эл аралык уюмдардын жетекчилеринин Кыргызстанга келип кетишинен эмес, өлкөнүн өзүнүн жарандарынын аракеттеринен көз каранды дейт.

Анткен менен, ЕККУ төрагасынын Кыргызстанга сапарына үмүт аткандар да болушту. Жолугушуулардын бирине катышкан Кыргызстандын медиа өкүлү Илим Карыпбеков Жекшенкуловдон айырмаланып, Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктерин жөнгө салууда эл аралык уюмдардын таасири күч экенине терең ишенет:

- Булар келип, ошону көзөмөлгө алып. Кыргыз Республикасы канчалык деңгээлде Эл аралык стандарттардын принциптерин аткарып жатат деп, бузуулар болсо өз ой-пикирлерин айтып кайрылуу, бул албетте, чоң таасир этет.
Ал эми ЕККУ төрагасы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын абалына, анын ичинде “Дефакто” газетасынын жагдайына ЕККУ байкоо салып турганын да айта кетти. ЕККУнун жаңы төрагасы катары Борбор Азия аймагын кыдырып жүргөн Александр Стубб сапарын Астананы көздөй улады.

XS
SM
MD
LG