Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:20

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Бүгүн Бишкекте белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган “Теңир” тасмасынын бет ачары болот. Аталган тасма кандай тартылды, мазмуну кандай? Мына ушул темада кинемотографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Бапанов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Алгач тасманын мазмунуна токтоло кетсеңиз?

- Бул тасманы белгилүү француз режиссеру Мари Беконшевиль деген айым тартты. Өткөн жылы Нарын жергесинде Эки-Нарын жана Кызылбел жайлоосунда тартты. Бул тасманын кыскача сүрөтүн айтып кетсек, кыргыз жергесине Мари айымдын ушундай тамшануусу менен, кыргыз жерине жүрөгүнөн чыккан сүйүүсү менен тартыптыр. Кыргыз жеринде жашап аткан өзүбүздүн адамдарга болгон мамилесин, тазалыгын, кыргыз жергесинин кооздугун бере алыптыр. Бул тасмада каармандар Темир жана Амина деген жаштар жөнүндө берилген. Режиссердун айтуусунда, Чыңгыз айтматовдун “Жамийла” повестинен окшоштуктардын бардыгын алган. Азыркы кезде эки жаштын көп тоскоол болсо дагы бири-бирине болгон таза сүйүүсүн бере алган.

- Эмне себептен тасманы “Теңир” деп атаган?

- Мари айымдан биз сурадык, эмне үчүн “Теңир” деп атап чыгардыңыз десек, айтты, бул өзү Орто Азиядагы элдердин ишенген кудайы катары, мен дагы көп кызыгам дейт, көп изилдеп, окуп чыктым, мен дагы Кыргызстан боюнча көп материалдарды окуп чыктым, мен дагы силер сыяктуу эле Теңирге таазим кылам деп тартуулады.

- Таалайбек мырза, өзүңүз айтып кеттиңиз, фильмдин режиссеру Мари Депоншвиль деген француз айым экен. Ал эми башкы карманадарды аткаргандар бул кыргыз актерлору. Ушул тасманы тартууда кандайдыр бир кыйынчылыктар болгон жокпу, ошол эле балким тил жагын алып караганда?

- Бүгүн биз саат ондо “Кабар” маалымат агенттигинде атайын Мари Депоншвиль айымды режиссер катары жана Ханс Мюллер деген продюссер бул Германиянын атуулу, ошол эки киши жана биздин башкы ролдорду аткарган актерлорду чакырып атабыз. Ошол жерде көп суроолорго өздөрү дагы жооп берет. Бирок мен айтып кетерим, Мари Депоншвиль айым айткандай тоскоолдуктар деген көп болгон жок. Себеби, бардык жерде адамдар ушунчалык жылуу, абдан жакшы мамиле менен кабыл алып, тартып аткан ар бир сценага чоң баа берип, анан кээ бир көрүнүштөрдө айтып атышты, кыргыздарда мында болбойт, бул жерде туура тартылып атат, же туура тартылбай атат деп. Тоскоолчулугу, булар июлдун башында тарткан өткөн жылы, сентябрдын онуна чейин тартылды. Бул кезде Кыргызстанда жай мезгили, жаратылыш жагынан тоскоолдук болгон жок. Европалык атуулдар болгондон кийин анча-мынча турмуштук жагынан болгондур тоскоолдуктар.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG