Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

ОРУСИЯ: “ЖАШТАРДЫ КОРГОО” ДОЛБООРУ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ


Орусиянын мыйзам чыгаруучулары өлкөдөгү жаштарды сактап калуу үчүн долбоор иштелип чыкканын жарыя кылды. Бул долбоордо өлкөдө мектеп окуучулары үчүн коменданттык саат киргизүү, Хеллоуин өңдүү Батыш өлкөлөрүнө таандык майрамдарга жана жаштар арасында модага айланган мурунга шакек тагууга тыюу салуу каралган.

Москвалык өспүрүм, кара териден чыптама, түстүү шым кийген, сары чачына чүпүрөк өрүп алган Ирина шаардын борборундагы сейил бакта эки курбусу менен сыра ичип, күнөстөп отурат. Мурундарына шакек тагып алган бул кыздар дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү өспүрүмдөргө окшош. Бирок Москвада алар өкмөт тарабынан иштелип чыккан жаштар арасында ыйманды үгүттөө өнөктүгүнүн негизги бутасы болмокчу. Ирина өкмөт тарабынан иштелип чыккан бул планга өз сын пикирин мындайча билдирди:

-Денеге шакек тагып алуу, же пирсинг – бул өзүңдүн инсандык айырмачылыгыңды көрсөтүү аракети. Ар бир адам каалагандай жасанганга акысы бар. Эгерде бала өспүрүм кезинен эле өзүнүн ордун таба алса, кийинчерээк ага пирсингдин кереги деле болбошу мүмкүн. Чынын айтсам, бийликтин бул нерсеге эмне үчүн каршы болуп жатканын түшүнбөй турам. Анда алар чачты тегиздеп, же кайсы бир боек менен бойоого тыюу салышы деле ыктымал.

Иринаны мынчалык таң калдырган жана тынчсызданткан долбоор – июнда Орусиянын Мамлекеттик Думасына сунушталган балдардын адептүүлүгү боюнча мыйзамдык документтердин топтому. Эгерде Думанын көпчүлүк депутаттары бул долбоорду жактырса, анда Орусиянын жаштарына жакын арада музыканын белгилүү бир багыттарын угууга жана октябрь айынын соңундагы Хеллоуин майрамы сыяктуу чет элдик майрамдарды белгилөөгө тыюу салынат.

Өспүрүмдөр арасында аракечтик жана порнография менен күрөшүүдөн сырткары өкмөттүн жаңы долбоору кечки саат 10дон кийин мектеп жашындагы балдарга көчөдө жүрүүгө жана денесине пирсинг жасоого тыюуну камтыйт. Мындан сырткары “орус маданиятына коошпойт” деген жүйөө менен мектептерде Батышка таандык болгон Ыйык Валентин күнү өңдүү майрамдарды белгилөөгө, коркунучтуу албарстылардын оюнчуктарына тыюу салынышы ыктымал.

Думанын комитети тарабынан иштелип чыккан долбоордо жаштар арасында учурда абдан популярдуу болуп жаткан эмо, панк, готика стилдерине, такырбаштар кыймылына тыюу салуу дагы каралган. Думанын үй-бүлө, аялдар жана балдар боюнча комитетинин жетекчисинин орунбасары Наталия Карпович бул долбоордун маанисин мындайча чечмелейт:

-Биздин өлкө экономикалык кризистен чыкты, бирок биз башка кризисти баштан өткөрүп жатабыз – бул руханий жана моралдык кризис. Маңзаттар жана бизге жат болгон көрүнүштөр биздин салттарыбызды жана маданиятыбызды алмаштыра баштады. Мисалы, акча - үйбүлө, руханий баалуулуктарды, улууларга болгон ызатты жана Мекенге болгон сүйүүнү алмаштырды.

Патриоттуулук, улуттук сыймыкты даңазалоого багытталган, Мамлекеттик Думада учурда талкууланып жаткан бул долбоор добушка күз айларында коюлары күтүлүүдө. Анын жактоочулары 1990-жылдагы башаламандык Советтер бирдиги балдарга жана жаштарга камсыз кылган социалдык коопсуздукту талкалаганын айтышууда. Өлкөдө жаштар арасында аракечтик, баңгилик жана өз өмүрүн кыюу өңдүү көрүнүштөр көбөйгөн. Советтер биримдиги ураганда жетим жана көчө балдарынын саны кескин өскөн. Мындай кырдаалда балдарды коргоо боюнча адистер ушул өңдүү жаңы мыйзам долбоору үчүн убакыт келгенин айтышууда.

Бул долбоор ата-энелер арасында дагы колдоого ээ болоору шексиз. Алардын бири - Москва шаарынын тургуну, 15 жаштаргы өспүрүмдүн энеси Светлана Трубочкина буларды айтат:

-Эне катары мен бул долбоорду 100 пайызга колдойм. Балдар сыналгыдан “Хеллоуин”, “жума, айдын 13ү” деген сөздөрдү угуп жатышат. Бир жагынан бул нерселерге тыюу салганы менен, анын ордуна эмнелер сунуш кылынат? Ири шаарларда гана балдар ойной турган спорт аянтчалары, адабий студиялар жана музыка клубдары бар. Адатта ата-энелер бир күн кечке иште болушат, андыктан балдарды көзөмөлдөөгө биздин убактыбыз дагы калбай калууда.

Бийлик жаштарды сактап калуу долбоорун иштеп чыкканы менен, айрым серепчилер мындай чаранын кажети жок деп эсептешет. Социолог Лев Гудковдун айтымында, бүгүнкү жаштар өзүнүн эркиндигин баалай билет жана бийлик ойлогондой алар “жоголуп” жаткан жери жок:

-Азыркы жаштар атуулдардын орточо катмарына караганда бир кыйла билимдүү. Алар өкмөттөн көз каранды болгон ата-энелерине, улуу муунга салыштырмалуу өз алдынча турмуш кура алат, базар мамилелерине да дурусураак ыңгайлашкан. “Жаштарды жоготуп алдык” дегенди бир гана мааниде айта алабыз – аларды бийликтеги режим өз колунан чыгарып алды.

Ал эми айрым орусиялык өспүрүмдөр болсо, расмий Кремль жана Дума жаштардын кийимине, жүрүм-турумуна асылгыча, коррупция менен иштиктүү күрөшсө гана, атаганат! деген пикирлерин “Азаттыкка” билдиришти.

XS
SM
MD
LG