Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:32

Монголияда шайлоо жыйынтыгына нааразы тарап менен полиция кагылышты


Бүгүн Монголиянын шайлоо комиссиясы жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгын жарыялап, анда бийликтеги Монгол Элдик Революциялык Партиясы кайрадан жеңишке жетишип жатканы айгинеленген соң, борбор шаар Улан-Баатарда тополоң башталды. Бийликтеги партияга каршы тургандар партиянын кеңсесин өрттөп жиберишти. Полиция менен миңдеген демонстранттар кагылышып, полиция аларга каршы жаш агызчу газдуу курал колдонду. Оппозициядагы Демократиялык партиянын лидери Цахйагийн Элбегдорж шайлоонун бурмалоолорго негизделген расмий жыйынтыгын тааныбай турганын бүгүн кабарчыларга маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG