Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

7:12 Укук коргоочулар кеңеши бүгүн митинг, пикеттерди өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулайт


Акыйкатчы алдындагы кеңештин бул отурумунда парламент өткөн айда кабыл алган “Жарандардын тынч жыйындарды, митингдерди өткөрүү укуктары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоор талкууга алынмакчы. Буга чейин Акыйкатчы Турсунбек Акун баштаган укук коргоочулар президентке бул мыйзамга кол койбоо өтүнүчү менен кайрылган. Укук коргоочулар нааразылк чараларын өткөрүүнү чектеген бул мыйзам долбоору демократияга жана адам укуктарына каршы келээрин белгилешүүдө. Конституциялык сот болсо кечээ “Кылым шамы” укук коргоо борборунун арызынын негизинде Бишкек шаар кеңешинин митинг, пикеттерди өткөрүүнү чектеген токтомун жокко чыгарды.(SM)

XS
SM
MD
LG