Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Шайлообек Дүйшеев, Бишкек “Дело №...” гезити 1-бетин “Элдин жашоосу күндөн күнгө кыйындоодо. Социалдык жарылуу болуп кетерине араң-араң эле турат. Эгер эл толкуп кетсе анын башында ким турат? Мына ушул баш катырган суроого саясат иликтөөчү Марс Сариев жооп берүүгө аракеттенген” деген саптар менен ачты. Анда ушуга токтололу.

Кытайдын “Шаарларды эмес, жүрөктөрдү багындыр” деген накыл кеби бар деп сөзүн баштаган саясат иликтөөчү, кыргыз оппозициясынын акыркы аракети бийлик менен байлык талашууга жумшалганын көргөндөн кийин эл акыры өзүн мына ушул эки жээкте тургандардын колундагы майдаланчу тыйынга окшош экендигин түшүнүп, саясатчымын дегендерден көңүлү калып, иренжип турганын, азыр ушул “талаа” бош калганын, бирок “жылаңбаш баш бөрксүз калбайт” дегендей мына ушул боштукту эми ислам ишмерлери толтурушу мүмкүндүгүн, анткени чыныгы исламдын тамтыгын кетирип жаткан ваххабизм менен Хизб ут-Тахрир сыяктуулар аракетке келерин, алардын артында үчүнчү өлкөлөрдүн атайын кызматтары турарын, бул аракет бир эле Кыргызстанга эмес бүтүндөй Борбор Азияга чаң-тополоң сала турган аракет экенин, мунун бир мисалы катары Ырааккы Чыгыштык демөөрчүлөр тарабынан Бишкектин чок ортосу болгон Жеңиш аянтынын ордуна мечит салуу сунушу киргенде коомчулукта анча деле каршылык болбогонун, алтургай айрымдар колдоп чыкканын, бүгүн бир жагынан радикалдуу исламчылар элдин башын маң кылып жатса, бир жагынан Жапайы Батыштын бул дүйнөдө акчалуу адам гана жашайт, адам адамга карышкыр деген агрессивдүү идеологиясы басып киргенин, эл болсо тумандан жол издегенсип жарыкка жетелеп кете турган кол издеп турганын белгилеп, Кыргызстанды минтип тездик менен исламдаштырууга айрым америкалык саясатчылардын да кызыкчылыгы дал келиши ыктымалдыгын, анткени алар аскерий базасын биротоло калтыруу максатында дал ушул чөлкөмдө башаламандык жаратууну, аны менен радикалдуу исламдын орноп калышына ыңгайлуу кыртыш түзүүнү көздөп жатканын, анткени Кыргызстанга кошуна Кытай мамлекети ансыз да Уйгур автономиясынын исламдашынан чочуп келатканын баяндаган. Марс Сариев андан ары, бийликке түштүк өкүлүнүн келиши менен Кыргызстанда исламдашуу күчөдү деген ойго кошуларын, радикалдуу ислам өз өкүмүн жүргүзбөш үчүн элдин акыл-эстүү деген бөлүгү баш катырышы керектигин, ортого көпүрө болуп турган Айтматов менен бүтүндөй бир доор кулаганын, бүгүн байлыкты же бийликти эмес, КЫРГЫЗДЫ, КЫРГЫЗСТАНДЫ сактап калуу башкы маселе болуп турганын айтып чыкты.

Ушул эле гезит “Мэр Бишкектиктерге убада берген эле...” деп өткөн санында жарыяланган макаласына окурмандарынан келген үн кошууларын жарыялады. Мисалы, шаар мэринин атын атагысы келбеген бир кызматкери, Д. Үсөнов гезитке чыгыптыр дегенди угары менен Бишкек мэриясындагылар кыйсыпыр түшүп “Дело №...” гезитин издеп чуркашканын, Данияр деген кол алдындагы кызматкерлерин киши катары санабасын, макала эң туура жазылганын айтса, Амантур аттуу жаран, бул мырза эмнелерди гана убада кылбаганын, вице-премьер болуп турганда Акаевдин 2 миллиард долларын кайрып келем дегенин, бирок 1 доллар да кайрып келбегенин, азык-түлүк кымбаттаса кайра элдин бетин тырмап өзүңөр күнөөлүүсүңөр деп чыкканын, бүгүн 1 кило помидор 60 сом болгонун айткан. Пенсионер Николай Николаевич, Д. Үсөнов деген убаданын мастери экендигин, мэр болору менен шаар ичине 7 жол кура коймок болгонун, сыягы ал шаардын көчөлөрүндө машина менен жүрбөй эле кызматына вертолет минип барып келип турса керек, антпесе көчөдөгү тешиктерди көрбөйт беле деп, Айнагүл аттуу ишкер, о бул адам эмнелерди гана убада кылбады, Даниярдын убадасы аткарылса Бишкек эбак эле Европалык шаар болуп жаркырап-жайнап калмагын, ошондуктан бул мырзанын курсак тойгузбаган куру убадаларына кулак делдейтип олтура бербей, андан көрө Эсеп палатасы шаардын бюджети кайда кетип жатканын жана анын айлана-тегерегинде ким айлангөчөк атып жүргөнүн текшерсе болмоктугун айткан.

“МК Кыргызстан” гезити, күнү кечээ эле Экономика министрлиги элден түшүп жаткан арыздануулардын 90 пайызга жакынын салыкчылардын үстүнөн келген даттануулар түзөрүн айтып оозун жыйганча президент К. Бакиев ошол салыкчылардын жетекчилеринин бир тобун мамлекеттик сыйлык менен сыйлаганын, Кыргызстанда коррупция менен кылмыш системалык мүнөзгө өткөнүн маалымдады.

Коррупция демекчи, белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин ушул эле санга “Саясый брутизм же Бакиевдин командасы жалаң ашынган коррупционерлер” аттуу интервьюсу басылып чыкты. Т. Тургуналиев, 2005-жылдын март окуясынан кийин элдин дээрлик 90 пайызга жакыны Бакиевди колдосо, бүгүн Бакиевге жана анын бийлигине ишеним кетип бүткөндүгүн, анткени мамлекетти шүмшүктөр менен шылуундар, ийненин көзүнөн өткөн ууру-кескилер, өзүнүн жана өз жакындарынын гана кара жанын ойлогондор башкарып калганда калк менен калк башкаргандардын ортосу ушинтип ажырап, бөлүнөрүн, Бакиевдин командасы жок экендигин, эгер болсо ал жалаң гана оозу-мурдун жаланган, уят-сыйыт деген эмне экенин билбеген, барып турган коррупционерлерден турарын, андайлардын катарына М. Садыркуловду, С. Балкибековду, И. Чудиновду мисал кыларын, өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын сатып жаткандар бүгүн кол тийбестик деген нерсеге жамынып алып иш жасап жатышканын, алардын жалпы саны 542 адам болсо тизменин башында президент турарын, анан буга ЖКнын 90 депутаты жана 451 сот кирерин, Бакиев азыр кандай гана жол менен болбосун экинчи мөөнөткө калуу аракетине өткөнүн, бирок бул кадамга барууга Бакиевдин эрки жана жөндөмү жетеби, анысын да көрө жатарбыз деп айтты. Бүгүнкү оппозицияга мүнөздөмө берген Тургуналиев мырза кыргыз оппозициясы адегенде “Бакиев кетсин!” деп таңатпай тамагы айрылганча бакырарын, анан кеч киргенде Акүй менен соодалашып, эртеси бири-премьер-министр, бири министр, бири губернатор болуп тынарын, элди чындап ээрчите турган оппозицияи эми түзүлөрүн кеп кылган.
XS
SM
MD
LG