Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:12

10:30 Аларча мамлекеттик резиденциясында КМШ мамлекеттеринин коргоо министрлеринин жыйыны өтүүдө


Жыйын алдында министрлер менен президент Курманбек Бакиев жолугушту. Маалыматка караганда, КМШнын коргоо министрлери жыйында аскердик-техникалык кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Мына ушул эле жыйынга чогулган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөр өзүнчө жыйын өткөрүп, анда ЖККУнун бириккен штабдарынын башчылыгына Кыргызстан коргоо министринин биринчи орун басары, башкы штабынын зардалы Аскарбек Жапаровду бекитүү маселесин карашат. Бул орунду аткарып келаткан Кыргызстан коргоо министринин биринчи орун басары, штаб башчысы Борис Югай мындан бир ай мурун кызматынан бошотулган эле. Быйылкы жылы Кыргызстан ЖККУда төрагалык милдетти аткарууда.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG