Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Мари Йованович айым элчилик кызматы аяктап баратканга байланыштуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. Ал өз интервьюсунда «Манас» аба базасындагы коалициялык күчтөрдүн учактары конуп тура турган жай куруларын, бул максат үчүн АКШнын Конгресси 30 млн. доллар бөлгөнүн, ал акчанын дээрлик 20 млн. доллары жергиликтүү фирмалар аркылуу Кыргызстанда калаарын билдирди. Мындан тышкары бул курулуш башталса Кыргызстанда кошумча жумуш орундары ачыла турганын да айтты. Элчи Мари Йованович менен Кубат Оторбаев маектешкен.

- Элчилик мөөнөтүңүз аяктап бараткан маалда Кыргызстан менен АКШнын мамилесине кандай баа бересиз? Сиз элчи болуп келгенден берки аралыкта ал кызматташтыкта эмне өзгөрүүлөр болду?

- Акыркы 3 жылдын ичинде Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташуу жогорку деңгээлге чыкты жана ал азыр өнүгүү жолунда баратат. Бирок ар кандай эле мамиледегидей эле тоскоолдуктар да, кыйынчылыктар да бар. Тоскоолдуктар өзүңүз билесиз адамдар ортосунда, мамлекеттер ортосунда да ар дайым боло берет. Биз Кыргызстан менен негизги үч тармакта кызматтышып келатабыз. Бул - коопсуздук, экономикалык өнүгүү жана акыйкат башкаруу системасын куруу тармактары. Ал кызматташуулар мамлекеттер ортосунда гана эмес, элдер ортосунда да жүргүзүлүп жатат. Коопсуздук жаатындагы кызматташууга токтолуп кетсек, Кыргызстан өкмөтү Бишкектеги коалициялык күчтөрдүн аскер аба базасына дагы эле көмөк көрсөтүп, колдоп жатат. Бул Кыргызстандын Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга кошкон салымы катары бааланат жана аны Кыргызстан менен Америка ортосундагы кызматташуунун жакшы белгиси катары айтып өтсө болот.

Экономика жаатындагы кызматташууну айта кетсем, АКШ өкмөтүнүн Кыргызстанды экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча бир топ программалары, долбоорлору бар. Алардын арасында мисалы, айыл чарба рыногун өнүктүрүү жана багбандарга жакшы жер семирткичтерди жана жакшы үрөндөрдү алып келүүгө көмөк көрсөтүү. Эгер багбандарда жана фермерлерде жакшы жер семирткич, үрөн болсо, алар ага жараша түшүмдү мол алышат.

Эгер акыйкат башкаруу жаатындагы кызматташууга токтоло кетсек, Кыргызстан жакында эле “Миң жылдыктын көйгөйлөрү” программасынын алкагындагы баштапкы босого программасына кошулуу боюнча келишимге кол койду. Бул долбоор кыргыз өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана долбоордун негизги максаты - укук коргоо жана сот системаларында реформа жүргүзүү. Ал программа коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, мыйзамдуулукту орнотууга алып келет деп ишенем.

- Сиз азыр белгилегендей сот системасына ишеним аздыгы дайыма айтылып келатат. Ушул жааттан алганда ал программанын үзүрлүү аткарылышына кандай карайсыз?

- Жакында эле президенттин катышуусу менен соттордун жыйыны болуп өттү. Ал жерге президент төрага катары катышып берди. Менин оюмча, азыр бардык тараптар сот системасында адилеттүүлүктү орнотуу боюнча бир консенсуска келишти. Силер айткандай, телефон чалуулар аркылуу сотторго таасир берүү адаты кала элек жана аны жоюу жетүү зарыл. Сот системасынын мындай иштөө адатын бир күндүн ичинде эле өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Муну баары жакшы түшүнөт, мындай нерсе дүйнөдө эч жерде болгон эмес. Бирок аз –аздан кадам таштоо менен, биз ойлойбу,з бул программа сот адилеттүүлүгүн орнотууга өз салымын кошот деп. Бул программага жарандык коомдун катышуусу өтө маанилүү. Кыргызстанда жарандык коом бул иштерге активдүү катышып жатат, анткени аны башкарууда элдин көзөмөл жүргүзүү элементи да каралган.

- Элчилик кызматыңыз убагындагы сиздин эсиңизде калган кандай эң таасирлүү окуяларды белгилейт элеңиз?

- Мен бул жакта элчи катары иштеген аралыкта өтө көп жакшы окуялар болду. Алардын айрымдарын мен айтып өттүм. Калгандарына токтоло кетсем, бул - маданият чөйрөсүндөгү кызматташтык. Өзүңүздөр билгендей, элчиликтин астында маданият мурастарын сактоо боюнча элчинин фонду деген программа бар. Анын алкагында бир катар долбоорлорду ишке ашырып атабыз. Жакында эле Жалабаттагы музейди реставрациядан өткөрдүк, андан тышкары Кыргыз улуттук музейинде да реставрация жумуштары жүргүзүлдү. Мындан тышкары кыргыз элинин алтындан жасалган мурастарынын коллекциясын да элге тартууладык. Бул коллекция кыргыз элинин өтө бай тарыхынан кабар берет. Кошумча айта кетсем, жакында эле Вашингтондон бизге кабар келди. АКШнын мамлеттик департаменти бул программанын алкагында маданий мурастарды сактоо боюнча элчинин фондусунун алкагында дагы бир долбоор колдоого алынды жана ал жакынкы убакта ишке ашат деп ойлойм. Дагы бир кызматташуу чөйрөсүн айтып кетсек, акыркы жылдарда АКШ өкмөтү жана АКШ жарандарынын атынан Кыргызстанга 115 млн. доллардын тегерегинде гуманитардык жардам келген. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын жөнөкөй элине тийди. Жер көчкүдөн, жер титирөөдөн жабыркаган адамдарга чатырдан мектеп куруу, же болбосо мектептерди кайра куруу сыяктуу жардамдар берилди. Ошол гуманитардык жардамдын дагы бир чоң бөлүгү дары-дармектер, керектүү жабдуулар катары Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо тармагына жумшалды. Бул жардам АКШ менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы кызматташтыктын жакшы деңгээлинин айкын мисалы.

- Кыргызстанда Сиз үчүн эмнелер күтүүсүз болду?

- АКШ менен Кыргызстандын алыс жайгашканына карай, же болбосо кыргыз эли менен Америка элдеринин ортосундагы тил жана маданияттар айырмачылыгына карабай, Кыргызстан менен Американы өтө көп нерсе бириктирет. Бул алардын жаратылышка, жерге, өз элине болгон сүйүүсү. Дагы бир нерсени кошо кетсем - Америка жана Кыргызстан элдери эркиндикти жана башка адамдарды чын дилинен сүйгөн адамдар. Андан тышкары кыргыз элинин меймандостугу мага аябай жакты, ал меймандостуктун чыныгы сапаттарын бул жакта көп жолу көрдүм. Америкалык меймандостук Кыргызстандыкынан бир аз айырмаланып турат, бирок эки эл тең өтө меймандос келишет, алардын үйлөрүнүн эшиктери башка адамдарга ар дайым ачык. Кыргызстан менен АКШ бири-биринен канчалык алыс болбосун, биздин элдердин ортосундагы окшоштуктар андан да көп болгону менен таң калдырды. Элдердин ортосундагы мындай окшоштук эки мамлекеттин кызматташуусуна жакшы негиз болуп берет.

- Кандай максаттарга жеттиниз, эмнелерди багындыра албай калдыныз?

- Жетишкендиктер боюнча мен бир аз мурда айтып өттүм. Мен башка жетишкендиктерге токтоло кетсем. Биз Кыргызстан менен бир канча тармакта кызматташабыз деп айтып кеттим. Булардын бири коопсуздук жаатындагы кызматташуу. Ошол үчүн Кыргызстандын коргоо министрлиги жана башка куралдуу күчтөрү менен тыгыз иштешебиз. Алардын арасында биз Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө тренингдерди өткөрүп, андан тышкары куралдуу күчтөргө керектүү жабдууларды алып келүүгө жардам бердик. Акыркы жетишкендиктерди айта кетсем, биз Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө эки учак жана төрт тик учак алып келүүгө жардам бердик. Бул эмнеге манилүү дебейсизби? Эгер Кыргызстандын кайсы бир бөлүгүндө кандайдыр бир орчундуу кырдаал пайда болсо анда Кыргызстандын куралдуу жана коопсуздук күчтөрү ал жерге барып, ошол кырдаалды жоюуга толук мүмкүнчүлүгү болуш керек. Ошондуктан биз бул тармакта Кыргызстандын куралдуу жана коопсуздук күчтөрү менен түздөн-түз кызматташабыз. Акыйкат башкаруу тармагындагы кызматташууга токтоло кетсем...

Акыркы эки жылдын аралыгында биз Жогорку Кеңеш менен өтө тыгыз иштеп атабыз. Бул Жогорку Кеңеш институт катары же бийликтин бир бутагы катары күчтүү бир институт болушуна салым кошуп, көмөктөшүп атабыз. Андан тышкары биз бүт облустарда укук коргоо уюмдары менен иштеп келебиз. Негизги жумуштарыбыз бул - укук коргоо уюмдарынын кандайдыр бир тармагын түзүү жана биз бул чөйрөдө көп жетишкендиктерге ээ болдук. Андан тышкары биз сизге окшогон журналисттерге такай тренинг өткөрүп турабыз. Экономикалык өнүгүү жатындагы кызматташууну бир аз айта кетсем, мага эң көп жаккан жагы жана мен эң жакшы көргөн программалардын бири бул “Амника” кредит программалары. Бул программалардын алкагында биз жөнөкөй кадимки адамдарга кичи көлөмдөгү кредиттерди беребиз. 1995-жылдан баштап ушул күнгө чейин 640 миң чакан кредиттер берилди. Бул кредиттер жөнөкөй адамдар өзүнүн бизнесин баштоого, же бизнеси бар болсо аны өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү. Балким сизге окшогон жөнөкой адамдар, балким сиздин кошунаңыз андай кредит алгандыр. Бул кредиттер башка чоң банктардагы кредит берүү системасына караганда бир аз ийкемдүү жана оңоюураак алууга болот.

Жоопту улантып айта кетсем. Өтө көп жетишкендиктер болгон. Бирок андан да көп жетишкендиктерге ээ болсок болот. Андан да көп жетишкендиктерге орун бар. Биз бир канча тармактарда баштапкы кадамдарды жасадык жана бул кадамдардан кийин биз кандайдыр бир прогресс көргүбүз келип жатат. Айрыкча коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдуулукту орнотуу тармагында. Мыйзамдуулукту орнотуу боюнча айта кетсем, бул өтө маанилүү маселе. Кыргызстандын ар бири жараны анын ээлген кызматына, ордуна карабастан, ал өкмөттө жогорку орундарды ээлөөдөбү же жөнөкөй жаранбы, баарына бирдей тегиз мыйзамдар болуш керек жана бул мыйзамдар ар кимге маалым, ачык жана бирдей иштетилиш керек. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча айтсам, жакында эле президент өзүнүн бир сөзүндө коррупцияга каршы күрөшүү Кыргызстандын келерки өнүгүүсүнө өтө керектүү экендигин айтып кетти жана биз президентти бул жаатта аябай колдойбуз жана кыргыз өкмөтүнө бул тармакта алдыга карай кадам таштоого, салым кошууга жана жардам берүүгө даяр экендигибизди айтып кетким келет. Мыйзамдуулукту орнотуу жана коррупцияга каршы күрөшүү бул экономикалык өнүгүүгө дагы өтө керектүү жана өзүнүн салымын кошот. Андан тышкары саясий процесс ачык жана айкын болушуна да өзүнүн салымын кошот. Эгер коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдуулук орнотулса анда Кыргызстандын элинде жана саясий бийлигинде, Кыргызстандын болочокто кандай өнүгүшү керек экендиги боюнча өзүнүн кандайдыр бир тандоосу пайда болот.

- Кыргызстандагы абалды жакшыртуу үчүн Кыргызстандын бийлиги эмнелерди жасашы керек деп ойлойсуз?

- Мен мурда айтып кеткен нерселерди кайталап коюшум мүмкүн, бирок, дагы бир жолу баса белгилеп кетейин. Кыргызстандын өкмөтү астында өтө маанилүү нерсенин бири бул Кыргызстанда ачык жана ар бир жаран катыша ала турган бир системаны түзүү жана орнотуу. Кыргызстандын ар бир жараны жана ар кандай деңгээлдеги адамдар күндөлүк маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуу жана аларга өзүнүн таасирин тийгизүүгө мүмкүнчүлүгү жана укугу болуш керек. Бул мүмкүнчүлүктөр жана укуктар Конституциясында да каралган. Кыргызстандын Конституциясы бул жаатта өтө күчтүү Конституциялардын бири. Эгер ар бир адам кандайдыр бир маанилүү саясий жана башка маселелер боюнча чечим кабыл алууга катыша алса, анда бул Кыргызстандын өнүгүүсүнө жакшы салым кошот. Эгер узак мөөнөттө карасак, маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алууга бир гана чектелүү адамдар катышса, бул узак мөөнөттөгү өнүгүүнүн рецептүү программасы катары айта алат элем.

- «Манас» аба базасы боюнча дагы бир ирет маалымат бере аласызбы – анын аянтын кеңейтүү планы жокпу?

Жообумдун башында баса жана айкын белгилеп өтөйүн. Бул сөздөргө эч кандай негиз жок. Базанын аймагын кеңейтүү боюнча талкуулар жүргүзүлгөн жок. Биздин Кыргыз өкмөтүнө болгон сунушубузда, биз азыркы учурда базанын арендасында турган жердин ичинде эле кошумча жаны учактар үчүн стоянка куруу болгон. Бул сунуштун ичинде үч негизги себеп бар. Бул аэропорттогу коопсуздукту жакшыртуу. Азыр өзүңүздөр билгендей коалициялык күчтөрдүн учактары Кыргызстандын башка жарандык жана коммерциялык учактарынын жанында жайланышат жана бул учактар терминалдан алыс эмес жерде турат. Эгер биз бул жаны стоянканы кура алсак анда биз өзүбүздүн коалициялык күчтөрдүн учактарын жаңы стоянкага жылдыра алабыз. Бул стоянка азыркы учурдагы аэропорттун ортосунда жайгашкан стоянкадан алыс турат. бул деген сөз аэропорттогу коопсуздукту жогору болушуна өзүнүн салымын кошот. Себеби коопсуздукту аба курал коалициялык күчтөрдүн учактары аэропорттун ортосунан чет жагына жылып чыгат. Андан тышкары бул Кыргызстандын кызыкчыгына да болушу мүмкүн. Бирок бул Кыргызстандын кызыкчылыгына киреби, кирбейби бул Кыргызстандын өкмөтү жана эли чечиш керек. Бирок Кыргызстан кыска мөөнөттөгү максаттарынын бири – бул ошол долбоорду колдоп берүү кызыкчылыгы да болушу мүмкүн. Жакында конгресс бул долбоор үчүн 30 миллионго жакын акча бөлүп бердик. Анын 20 миллиону Кыргызстанда ар кандай контракт түрүндө калат. Бул бир гана ошол стоянканы курууга керектүү сырьену сатып алууга эмес, кошумча жумуш орундарды да түзүп берет. Биз долбоордун негизинде өзүбүз түздөн-түз жумуш орундарын түзүүнү пландаштырабыз. Бирок бул долбоордон башка түз эмес кошумча башка жумуш орнударын да түзүлүшү мүмкүн. Андан башка аэропорттун узак мөөнөттөгү кызыкчылыгын карап көрсөк, бул аэропортко дагы пайдалуу долбоор болуп эсептелинет. Себеби бул стоянка жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун стандартары боюнча курулуп жатат жана Ооганстандагы кырдаал түзүлгөндөн кийин коалициялык күчтөрдүн бардыгы бул жактан чыгып кеткенден кийин бул стоянка “Манас” аэропортуна калат. “Манас” аэропорту үчүн узак мөөнөттө аэропорттун кызыкчылыгында да болот.

- Жалпысынан Борбор Азиядагы абалды, анын коопсуздугуна кандай баа бересиз?

Азыркы учурда бүт Орто Азия өлкөлөрү өткөөл учурунда болуп турат. Анын ичинде Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстан, бул аймактагы бардык өлкөлөр. Ар бир өлкө өзүнүн экономикалык өнүгүүсү жана демократиялык алгалоосу үчүн баратат. Бирок ар бир өлкө бул процессти өзүнүн өлкөсүнүн мурдагы тарыхына жана өлкөнүн келечектеги кызыкчылыгына дал келгендей кылып, максатка жетүүгө аракеттенип жатат. Ар бир өлкөдө бул иш-чаралар ар кандай жүргүзүлөт. Дагы бир баса белгилеп өтөйүн, бул өлкөлөрдүн баарында коопсуздук маселеси өздөрүнүн колунда. Коопсуздук жаатында эки негизги тоскоолдук бар – бул энергетика суроосу, табигый газ, нефть же Кыргызстандын мисалында электр энергиясы жана суу кошулат. Булардын ар бири бүт регион жана ар бир өлкө үчүн өтө маанилүү. Азыркы жай жана күз мезгили Кыргызстан үчүн өтө кырдалдуу жана маанилүү учур болот. Андан тышкары коопсуздук жаатында Ооганстандагы кырдаал дагы өтө негизги маселелердин бири. Кыргызстан өзүңөр билгендей, коалициялык күчтөрдүн мүчөсү катары саналат жана бул коалициялык күчтөр биргелешип Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча чоң аракеттерди жасап жатышат. Өзүңүздөр билгендей азыркы учурда Ооганстанда талибан жан Аль-каида күчтөрү менен чоң жана ачык салгылашуулар болуп жатат. Ооганстанда кырдаал өтө курч. Ооганстандагы кырдаалдын жөнгө салынышы жана ал жакта стабилдүүлүктү орнотуу бир гана Ооганстан үчүн эмес, жалпы Орто Азия региону, анын ичинде Кыргызстан үчүн да өтө маанилүү. Эгер, Ооганстанда экономикалык өнүгүү жана демократияны орнотуу максаты ишке ашса жана Ооганстан регион үчүн жаңы партнер катары кошула алса, бул бүт регион үчүн жана Ооганстан үчүн дагы өтө пайдалуу болот. Эгерде Ооганстадагы коалициялык күчтөрдүн иш-аракеттери максатка жетпей калса эмне болот? Бирок мен андай ойдон өтө алысмын жана андай ойлогондон да корком. Мындай болсо бул жалпы регионго өзүнүн кыйынчылыктарын келечекте көрсөтүшү мүмкүн. Өзүңүздөр билгендей Кыргызстан Ооганстандан өтө деле алыс эмес, эң жакынкы аралыгы бул 180 километрге чукул аралык. Бул аралык андай деле чоң эмес экендигин Кыргызстан өзүнүн тажрыйбасында жакында эле көрүдү, башынан өткөрдү. Бул 1999-2000-жылдары болуп өткөн окуялар. Бул окуялар америкалык чөлкөмгө келгенге чейин, андан кийин коалициялык күчтөрдүн Кыргызстанга келишине чейин эле болуп өткөн жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрү террорчулар менен каршы салгылашууга Баткенге өзүнүн күчтөрүн жөнөткөн. Кыргызстандын өкмөтү, эли Ооганстандагы кырдаалдын оорлошу Кыргызстанга кандай таасир тийгизерин өзүнүн башынан кечирип өттү жана эмне экенин билет. Ошондуктан, Ооганстандагы кырдаалды жакшыртуу, ал жакта стабилдүүлүктү орнотуу Борбор Азия жана анын ичинде Кыргызстан үчүн дагы өтө маанилүү маселелердин бири.

- Анда маегиңизге чоң рахмат, мындан аркы иштериңизге албан ийгиликтерди каалайм.

- Мен жеке өзүңүзгө, “Азаттык” радиосунун угармандарына жана “Азаттык” радиосунун жамаатына өзүмдүн атыман эң жакшы каалоолорумду билгизем. Кыргызстанда дипломат катары иштегеним мага бир жагынан сый, экинчи жагынан мага өтө чоң жакшылыктарды алып келди.

- Рахмат, ийгилик болсун!
XS
SM
MD
LG