Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Бүгүнкү түз обдогу маектердин бири билим берүү маселесине арналды. Билим берүү министрлиги контракттык негизде окутуунун төмөнкү чеги 15 миң сом деп аныктаган. Мындай жаңы эреже билим берүүнүн сапаттуулугуна, айрым бүтүрүүчүлөрдүн билим алуу мүмкүнчүлүгүнө кандай таасирин тийгизет? Мына ушул маселенин айланасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанкороз Каниметов «Азаттыктын» айрым суроолоруна жооп берди.

- Министрлик контракттык негизде окутуунун эң төмөнкү чегин 15 миң сом деп аныктады. Муну ал билим берүүнүну сапаттулугуна оң таасир тийгизип, ЖОЖдордун жоопкерчилиги жогорулайт деп негиздеп жатат. Чындыгында эле мындай жол менен билим берүүнүн сапаттуулугун жогорулатса болобу, ошону менен катар терс кесепеттери болушу мүмкүнбү?

- Бул абдан туура маселе. Чынында бүгүн рынок экономикасында билим дагы баалуу болуш керек. Эгерде контрактта акча көп болуп, кандайдыр бир сумма чогулса бул мугалимдердин, окуучулардын акчасына дагы жоопкерчилигине таасир этет. Муну эч ким танбайт. Бирок экинчи жагы бар да. Бүгүнкү биздин социалдык акыбалыбыз абдан кыйын болуп турат. Жакында эле мага педагогикалык, айыл-чарба боюнча университеттердин ректорлору кайрылышты. Бүгүн дагы 5-6 миңди төлөй албай атышат дейт, өзгөчө педагогикалык, айыл-чарба кесиптеринде. Кээ бир факультеттерде 30-50 пайызга чейин төлөй албагандар көрүнүп турат экен. Анан эртең эле ошончолук кымбатчылык келсе, жакшы окуган окуучулар, бюджетке кире албаган окуучулар төлөй албай калышы мүмкүн. 2003-жылы билим мыйзамына атайын киргизгенбиз, билим берүүдөгү социалдык кредиттер деп. Ошол социалдык кредиттер деген бул дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар. Контракттык негизде 10-класстын окуучусу салыгы жок кредит алышат. Эң жакшы окугандар бекер окуйт, калгандарын мекемелер алып кетиши мүмкүн. Эгер үчкө окуса анда өзү төлөп берет.

- Маалыматтарга караганда, жалпы студенттердин 87 пайызы контракттык бөлүмдөрдө окушат экен. Буга чейин айрым окуу жайларда контрактка 5-6 миң сом төлөп келишсе, эми бүтүрүүчүлөргө, өзгөчө региондордо билим алгандарга кыйынга туруп калат дешет. Бул кырдаалды эске алгандай, кандай кадамдар жасалыш керек?

- Бул кырдаалды Каржы министрлиги менен Билим берүү министрлиги социалдык кредиттерди киргизип туруп анан ушуну көтөрсө болмок. Өтө жакшы окуган балдардын окубай калышы бул коомдо эң коркунучтуу маселе. Ал эми акча көп, билими жоктордун баары кирип кетиши абдан кыйын. Бүгүн жогорку окуу жайларында экиге окуган окуучулар окуп атат. Бул абдан коркунучтуу. Ошон үчүн биз билим жагына карашабыз керек. Ушуну менен эле көтөрүп алабыз деп ойлойбош керек.

- Башкача айтканда министрликтин бул чечими шашылыш кадам болуп калган турбайбы?

- Шашылык кадам катары бааласа да болот. Мунун баардык жолдорун комплекстүү чечип, социалдык кредиттерди киргизип, маселенин баарын тактап туруп анан киргизиш керек болчу. Бүгүн акчалуулар окуп, акчасы жоктор окубай калышы мүмкүн.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG