Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

М.КАЙЫПОВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ДЕМОКРАТИЯЛЫК ӨЛКӨ ЭКЕНИБИЗДИ ДАЛИЛДЕДИ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Кечээ Конституциялык сот Бишкек шаар кеңешинин митинг, пикет, жыйындарды өткөрүүгө чектөө салган токтомун жокко чыгарган чечим кабыл алды. Соттун бул чечими акыйкат болдубу, дегеле бул маселеде укуктук жагдай кандай? Бул жааттагы “Азаттыктын” суроолоруна Адилет министри Марат Кайыпов жооп берди.

- Баш мыйзам боюнча митинг, жыйындар алдын-ала билдирүүнүн негизинде өтөт эмеспи. Ал эми Бишкек шаар кеңешинин өткөн жылы 5-декабрда чыгарган токтомунда, митинг өткөрүү үчун уруксат алуу каралган. Баш мыйзамга каршы келген мына ушундай токтомду сиздер эмненин негизинде каттоодон өткөрдүнүздөр?

- Биринчиден, ал жерде алдын-ала уруксат деген жери жок. Алар токтомду чыгарып атканда митинг кылгандарга шарт түзүп берели деген. Көлөмүнө жараша, канчалык эл көп келсе ошончолук чоңураак аянттарды берип, шарт түзүп берели деген жакшы ниет болчу. Анан Конституциялык соттун чечимин мен азырынча окуй элекмин. Бирок эртең менен “Азаттыктын” билдирүүсүнөн билгенге караганда, бир эле токтомду Конституцияга каршы деп таппай, Бишкектин шаардык статусу жөнүндөгү мыйзамдын дагы бир беренесин Конституцияга каршы деп тааптыр. Ошого жараша Конституциялык соттун чечимдеринин негиздери эмнеден келип чыккан, муну дагы таанышышым керек экен. Дегеле соттун чечими жөнүндө сөз болгондо буга биз баа берип же талдоо жүргүзгөнгө укугубуз жок, аны сот өзү айтыш керек. Мен мындай бир баа берип коер элем, бир жылга жакын талаш-тартыш болду Бишкек шаарынын токтому жөнүндө. Ошого чекитти Конституциялык сот койду. Бул дагы болсо Кыргыз мамлекетинде Конституцияда баса белгиленгендей укуктук, демократиялык мамлекет болуп атканыбызды тастыктаган көрүнүш.

- Токтомду Конституциялык сот жокко чыгарды, бирок жыйындарды өткөрүүдө чектөөлөр каралган мыйзамга кол койбоого укук коргоочулар президенттен өтүнүшүүдө. Эгер бул мыйзамга кол коюлса анда кандай болот? Жокко чыккан токтомдун ордуна эле келип калбайбы?

- Жана сиз өзүңүз жакшы айтпадыңызбы, алдын-ала билдирүү менен пикет, митингге чыкканга эл укуктуу деп. Бирок ошол алдын-ала билдирүүнүн шартын, тартибин мыйзам аныктайт деп жазылып турат биздин баш мыйзамда. Кудум ошол шарты менен тартибин аныктаганга биздин депутаттар аракет кылышты. Азыр ошол мыйзамды кабыл алып, президентке жөнөтүштү. Эгер президент байкап көрүп, Конституциялык жоболорго ылайык келген эле тартип менен шарттар экен десе анда кол коюп берет. Жок, Конституциялык соттун чечиминде буга дагы тыюу салынып калыптыр, бул болбойт экен десе анда кол койбой коюшу мүмкүн. Мунун баары Конституциялык соттун чечиминде кандай негиздер келтирилди, ошого караш керек.

- Аталган токтом кабыл аланыгандан тартып өткөн жылдан бери митингдерди өткөрүү мүмкүн болбой калганын укук коргоочулар айтып келатышат. Маселен, эмне үчүн мыйзамды иштеп чыккан депутат Исхак Масалиевдин коммунисттер партиясы митингди Ленин эстелигинин жанында өткөрө алат, ал эми бийликти колдобогон акциялар Горький эстелигинин жанында гана өткөрүүгө уруксат болуп келди. Буга сиздин пикириңизди уксак?

- Бул коммунисттен, же бийликти колдогон, колдобогондон деп бөлүштүргөнгө болбойт. Негизи, Бишкек шаарынын токтомунда бийликке жараша, же бийликке каршы жер бөлүштүрүү жөнүндө сөз болгон эмес. Маселе, ал токтомду кандай аткарып атышат, ошондо болушу мүмкүн. Анан бардык эле укук коргоочулар жапа тырмак пикет же митинг өткөргөнгө таптакыр эле болбой калды дегенге деле мен каршымын. Себеби, өткөрүп эле жүрүшпөйбү. Маселе башка жагында турат, кантип токтомду аткарып атышат тартип, укук коргоо органдарыбыз. Аша чаап кеткен жерлер болуп атпайбы.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG