Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

18:00 Барскоон кырсыгында боюнан алдырткандар эл аралык сотко кайрылат


Мындан 10 жыл мурда канадалык ишкерлердин цианитинен ууланган кош бойлуу келиндер мажбур менен боюнан алдырткан эле. Бул боюнча ошол кездеги Барскоон ооруканасынын врачы Бактыгүл Иманкожоева Барскоон айылында өткөн жарандык форумда ачыктады. Анын айтуусунда бийлик төбөлдөрү Барскоон трагедиясын жаап-жашыруу үчүн кош бойлуулардын медициналык бүтүмдөрүн жок кылган. Бирок коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жарандык борбордун Ысыккөлдөгү бөлүмү юридикалык адис жалдап, жабыркаган аялдарга “Кумтөр” кенинен компенсация өндүрүүнү талкуулады. Ага “Карек” бей өкмөт уюму катышып, врач Бактыгүл Иманкожоева арыз менен кайрылган жүздөгөн аялдардын 25нин гана медициналык каттоо кагазын таап чыкканын көрсөттү. Борбордун Ысыккөлдөгү өкүлү Кыял Исмаилова жарандык форумдун кайрылуусу менен эми атайын жактоочу эл аралык сотко кайрылганын ырастады. (RB)

XS
SM
MD
LG