Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

18:10 Жалалабат облусунда балдар проблемалары талкууланды


Талкуу «Үйбүлөнү чыңдоо менен жакырчылыкты азайтуу» деген долбоордун алкагында уюштурулду. Долбоорду Улуу Британиянын “балдарды коргойлу” аттуу уюму менен Еврокомиссия жактырган. Анда ата-энелери сырт жака иштегени кеткен өспүрүмдөр кээде кароосуз калып, кылмыштуулукка аралашып жатканы белгиленди. Чоңата, чоңэнелери аларга жетиштүү тарбия бере албай жатат. Жумушка жарактуу адамдардын аздыгынан айыл чарба ишин талаада балдар бүтүрөт. Балдардын эмгегин коргоо жаатында көйгөлөр аз эмес. Долбоор алкагында облустун беш районунда үй-бүлөнү коргоо бөлүмдөрү түзүлгөн. Алар жакыр үй-бүлөлөргө кой-козу алып беришип, тамак аш менен камсыз кылышкан. Сузак районунда кедей үйбүлөлөргө казынадан 124 миң сом каражат бөлүнгөн. (YA)

XS
SM
MD
LG