Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

ОРУСИЯЛЫК ОРТОДОКСТОРДУН ТӨБӨЛДӨРҮ АДАМ УКУГУНА КӨҢҮЛ БУРУШТУ


Христиандардын диний жогорку жетекчилеринин олтуруму 26-июнда Москвада өттү. Ал чогулушта Орусиялык православие чиркөөсү (РПЦ) биринчи жолу алам укугун талкууга алып, олтурум акырында, адам укугунун чиркөөлүк түшүнүктөгү негизин кабыл алды. Атуулдук сынчылардын билдиргенине караганда адам укугун чиркөөлүк түшүнүк менен коргоо жана либералдык баалуулук негизинде коргоонун ортосунда асман менен жердей айырма бар. Ошол себептен мындай кадамдын артында кагылыш бар дешет.

Орусиялык православие чиркөөсүнүн диний жетекчилеринин олтуруму алдыңкы бейшемби күнү: «адамдые укугу, эркиндиги жана абийири боюнча окуунун негиздери» деген ат менен документ кабыл алды. Ал жерде жазылганга караганда, «Чиркөө - мыйзам менен коом тараптан колдоодго алынып жүргөн ар кыл, маселен, жыныстык ээнбаштык жана бузулгандык, оңой акча таап, баюунун артынан түшүп, зордук-зомбулукту жактыруу өңдүү көрүнүштөр өтө коркунучтуу экенин түшүнөт. Ошондой эле аялдын боюнан алдыруу, айыкпас оорулууну өзүнүн маакулдугу менен эртелеп көзүн тазалап салуу, адам баласынын түйүлдүгүн медициналык тажрыйба үчүн колдонуу, кишинин табыятын өзгөртүүгө багытталган тажрыйба жасоого жол берүү сыяктуу ахлак-адепсиз жана ташбоор көрүнүштөргө каршы».

Чиркөө өкүлдөрү ошондой эле адам укугу боюнча түшүнүк өздөрү үчүн керек аны атуулдук бийликке таңуулабайбыз дешет. Атуулдук адам укугун коргоочулардын баамында болсо: «буга окшогон, сыртынан караганга, диний насыятка окшогон көргөзмө бирткеден соң мамлекеттин ишине айланат»,- дешет.

Чындында да Орусияда чокунгандар динин бейрасмий анализчилер мамлекеттик дин деп келишет. Ошол себептен Кремлдин (РПЧ) орусялык православие чиркөөсүнүн сунушун укпай кое албайт дешет. Динге тийешеси жок адам укугун коргоочулар айтканга караганда, маселен, анализчи Яков Кротовдун байкашынча, ал жерде жазылган талапты турмушка ашыруу үчүн эми чиркөө бар аракетин жумшайт. Ал мамлекеттин жетекчилиги жана коомдук жетекчилердин алдында өз диниме таат кылгандардын укугун коргойм шылтоосу менен буга дейре атаандаашып келаткан секталарды же коомдук кыймылдарды жок кылуга киришет:

«Чиркөө мамлекет менен бирдикте өз сыйынуучуларынын укугун коргогонго өтөт. Айталы, андай секта болуп лимоновчулар эсептелет, демек аларды жок кылуга өкүмөт менен бирдикте аракет кылат», - дейт Кротов мырза.

Диндерди салыштырып изилдөө борборунун жетекчиси Борис Фалков айтканга караганда, РПЦ жетекчилиги сунуштаган негиз - Орусиядагы башка диндер талаптарына дал келбейт. Ошондуктан документти даярдагандар ал жерде адам укугу деп көрсөткөн негиз - православие динин тутунгандар о дүйнөгө барганда күнөөсү жок болушу үчүн жасалуучу аракеттерди айгинелейт, бирок андай аракетин канчалаган динге ишенбегендер үчүн тийиштиги жок экенин эстерине алышпайт:

«Буддизм, индуизм, христианствонун ар биринде «аркы дүйнөгө күнөөсү жок баруу» ар башка жол менен болуучу иш»,- дейт доцент Фалков мырза.

XS
SM
MD
LG