Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

НООКАТТА СПИД ИЛДЕТИНЕН ЧЫККАН СОТ ЖАРАЯНЫ УЛАНУУДА


Ноокат районунда 14 медициналык кызматкердин үстүнөн сот жараяны жабык эшик артында уланууда. Ак халатчандар кызматына шалаакы мамиле жасаган жана балдарга СПИД илдетин жуктурган деп айыпталууда. Медициналык кызматкерлер коюлган айыптар негисиз экендигин билдиришүүдө.

3 жашар баласына жана өзүнө ВИЧ илдетин жуктуруп алган келинге микрофон сунганыбызда:
- Балам экөөбүзгө СПИД илдетин жуктурган дарыгерлер дале кадимкидей иштеп жүрүшөт. Адилеттик каякта калды? Ошолорду жумуштан айдап, керек болсо камаш керек! Дагы канчасынын убалына калыштан коркушпайбы? Мына, акыркы жер тилкемди сатып баламды дарылатып жатам, бирок, сакайаар түрү жок. Өзүм жаман жолдо жүрбөсөм да, биз жөнүндө Ноокатта жети жашар баладан жетимиш жаштагы чалга дейре билип бүтүштү. Аны ким жаймак эле, дарыгерлер да, Гипократтын анты урсун.

Айыпталуучулардын бири, Оштогу СПИДке каршы күрөшүү борборунун башчысы Түгөлбай Мамаев ВИЧ/СПИД дартын нейтрондук бомбага салыштырып, бул жалгыз гана Кыргызстандын эмес, жалпы адамзаттын проблемасы экендигин эске салды. Ошол эле убакта сотто териштирилип жаткан беренелер боюнча күнөөлөрдү мойнуна албай тургандыгын, накта шалаакылар жараяндын жүрүшүндө аныкталаарын:

- ВИЧ-СПИДди нейтрон бомба менен теңесе болот. Бул бир эле Кыргызстандын эмес, жалпы адамзаттын проблемасы болуп эсептелип атат. Себеби ушул темп менен таркаса адамзат эртеңки күңдө бар болобу, жок болобу деген суроо туулат. Бул жерде жашыра турган сыр деле жок, мыйзам бузулду дегенге жатпайт. Себеби элдин баары билет кимдер күнөөлү экенин.

Жараян жабырлануучулардын талабы боюнча Ноокатта жабык эшик артында өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу төрагалык кылуучу Ош шаардык сотунун судьясы Закир Максүтов жана мамлекеттик каралоочу кабарчыбыздын суроолоруна жооп берүүдөн тайсалдашты.
Бириккен Улуттар Уюмунун СПИД боюнча атайын программасынын менеджери Айнагүл Исакова Ошто жүргөндө учурасак, 14 медициналык кызматкерге байланышкан кылмыш ишине карата пикирин мындайча билдирди:

- Мен көз карашымда мамлекет эч нерчени жашырган жок. Бирок профессионалдык этика бар. Мисалы конфедициональность деген түшүнүк бар. Ошону сакташ керек. Маалыматты да иргеп бериш керек. Адегенде элди дүрбүтпөш керек. Негизи дарыгер күнөөлүбү, күнөөлү эмеспи аны сот чечиш керек. Сот атайын көз карандысыз экспертизаны чакырып туруп доомат койгон медицина кызматкерлерге сот чечим чыгарыш керек.

XS
SM
MD
LG