Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

“Мамлекеттик тил жөнүндө” алгачкы мыйзам кабыл алынганына быйыл сентябрдын 23үндө 15 жыл толот. Бирок, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө канааттангандарды табыш кыйын. Азыр Кыргыз өкмөтү, Жогорку Кеңеш толук курамда мамлекеттик тилди билиши керек деп чакырык таштагандар пайда болууда.

Кыргызстандагы мамлекеттик тил маселесине “Мамлекеттик тил жөнүндө” алгачкы мыйзамды кабыл алган “легендарлуу” парламенттин мүчөсү Тилектеш Ишемкулов мындай дейт:

- Мына Украинаны, Грузияны, Балтика боюндагы республикаларды карагыла, эң оболу өздөрүнүн улуттук тилине кам көрүп жатышат. Аларга салыштырмалуу бизде чечкиндүүлүк да, саясий эрк да жетишпей жатат. Уюштуруу жагыбыз да өтө эле борпоң.

Бийлик бутактарынын ичинен айрыкча Жогорку Кеңеш мамлекеттик тилди өздөштүрүү боюнча башкаларга үлгү болуш керек деген пикирин Жогорку Кеңеш депутаты Ибрагим Жунусов айтып чыкты:

- Жогорку Кеңештин депутаты болуп турушуп кыргыз тилин билбегендер – чыныгы уятсыздар. Кайсы улуттун өкүлү болбосун алар мамлекеттик тилди билиши керек. Көчүп кетүүгө мажбурлап атасыңар деген долу пикирлер айтыла калат кээде. Мен бул пикирге түк кошулбаймын. Эгерде биз тилди үйрөн деген үчүн эле кетип атса – анда андайлардын кеткени жакшы. Эмне үчүн Кыргызстанда туруп алып англис, немис, кытай тилин үйрөнсө болот да, кыргыз тилин үйрөнгөнгө болбойт?..

Тилектеш Ишемкуловдун пикири боюнча, мамлекеттик тилдин кедерине кетишине Кыргызстандагы кадрдык саясат, башкача айтканда, кыргыз тилин таптакыр билбегендердин бийлик мамыктарында олтурушу да кадимкидей таасир этет. Танаев, Силаевдердин мисалында экзаменден кулаганыбызга карабастан дагы таптакыр кыргыз тилин билбеген Чудиновдун өкмөт башчылыгына коюлушу – супсунду суутуп салды деп эсептейт ал.

Ырас, Кыргызстанда азыр башка тилдүүлөр үчүн кыргыз тилин үйрөнүүнүн эч кандай зарылдыгы жок. Аны Бишкек шаар тургуну Ирина Иванованын бизге берген жообу да тастыктап турат:

- Мен Кыргызстанда туулгам, азыр да Кыргызстанда жашайм, бирок, мага кыргыз тилинин эмне кереги бар?

Ошондуктан, Бишкек гуманитардык университетинин профессору Тилектеш Ишемкулов кыргыз тилин билбегендерди кыргыз тилин үйрөнүүгө анча-мынча мажбурлоо керектигин айтты.

Ал эми Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагуловдун пикири боюнча, кыргыз тилинин келечеги биринчи кезекте Кыргызстандагы кыргыз улутунун өкүлдөрүнө гана байланыштуу:

- Кыргызстандын калкынын 73 пайызын түзгөн кыргыздар эле жалпы мекенчил, улутчул болуп, жалпы кыргыз тилинде сүйлөшсө – калган улуттун өкүлдөрү кыргыз тилин үйрөнүүгө аргасыз болот.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы кыргыздардын 11,5 пайызы өз эне тилинде сүйлөбөйт.
XS
SM
MD
LG