Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

ӨЗБЕК ТЕРРОРЧУЛАРЫ ПАКИСТАНДЫН ЖООСУНА АЙЛАНДЫ


Пакистандын ырасмий өкүлдөрү Түндүк-батыш чек ара провинциясындагы кырдаалды курчутуп жаткандардын арасында Өзбекстан ислам кыймылы да бар дешет. Өкмөт жакында бул аймакта “Талибандын” жергиликтүү лидерлери менен мунасага келип, провинцияны чет элдик күчтөрдөн тазалоону чечкен эле.

Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани өткөн ишемби күнкү маалымат жыйынында “ортоазиялык республикалардан чыккан козголоңчул топтор провинциядагы абалдын курчушуна көмөкчү болуп жатканын” айтып, алардын кимдер экенин тактаган эмес эле. Бирок аскери өкүлдөр,жергиликтүү байкоочулар өкмөт башчы Өзбекстан ислам кыймылы деп аталган топту эске алып жатканын ырасташты. Генерал Ахтар Аббас жергиликтүү уруулар чет элдик лашкерлерди аймактан сүрүп чыгарышы керектигин, өкмөт буга белгилүү мөөнөт берерин билдирди.

Чет элдик элементтердин арасында өзбек террорчуларынын жасагы жарым миңдей бар дешет. Алардын жаңбашчысы Тохир Юлдашты Исламабадда чыгуучу “Daily Times” гезити “Ал-Каиданын” экинчи төбөлү Айман ал-Завахиринин “оң колу” деп сыпаттады. Айтымда, Юлдаш жакында эле талиптер менен “ал-каидачыларды” АКШны колдоп жаткан “эки жүздүү” мусулмандарга каршы да жихад жарыялоого чакырган экен.

Пакистандык белгилүү журналист Ахмед Рашид провинцияда көбөйүп бараткан чет элдик лашкерлердин, Ооганстанда жанкечтилик кылып жаткан террорчулардын арасында Өзбекстандан келген өзбектер бар экени, алар бул жерде да айрым иштерин улантып жатканы калетсиз деп эсептейт.

Өзбек лашкерлерин мындан саал мурдараак Вазирстанда жергиликтүү пуштундардын каада-салтын таңазар албай, уруу башчыларга кол салып,айрымдарынын көзүн тазалап салганы үчүн айыпташкан эле. Өзүн кыймылдын өкүлү деп атаган бир өзбек быйыл январда Спинкай, Макин жана Размак райондорунда бир жумадан бери айыгышкан атышуулар басылбай, калк алдаалап качып жатканын, өкмөттүк жоокерлердин көбү окко учканын, аскер казармалары курчоого алынып, өрттөлгөнүн кабарлаган. Пакистан генералдары болсо бул урушта 150дөй өзбек лашкери жок кылынганын айтышкан.

Өзбекстан ислам кыймылы өзүн адегенде президент Ислам Каримовду бийликтен кулатуу үчүн күрөшкөн күч катары жарыялаган. Кийин сүрүлүп, Ооганстандагы “Ал-Каиданын” жана “Талибандын” күчтөрүнө кошулган. АКШнын аскери операциялары маалында алардын көбү өлгөн,айрымдары колго түшкөн. Калган-катканы Пакистанга өтө качып, түндүк-батыш чекара провинциясындагы уруулар арасына келип коргологон. Бир нече ирет Тохир Юлдаш да өлдү деген кабар тарап, анын баары бышыкталган же төгүндөлгөн эмес.

Быйыл жыл башында Өзбекстан ислам кыймылы Түндүк-батыш чек ара аймагында жергиликтүү уруу башчыларына, өкмөт аскерлерине каршы күрөшкөнү вазирстандык жаңбашы Байтулла Мехсуддун отряддарына кошулган.

XS
SM
MD
LG