Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

КАЙРА ЭЛЕ БАЯГЫ СЦЕНАРИЙ...


Элен Куленбекова, Бишкек Конституциялык сот Бишкек шаардык кеңешинин митинг тууралуу токтомун 1-июлда жокко чыгарды. Бул - ушул аптанын негизи окуясы болду. Ошентип, эркин жыйналуу укугунун тегерегинде былтырдан бери талаш-тартышты жаратып келген маселеге чекит коюлгандай болду. Укук коргоочулар муну жарандык коомдун жеңиши катары кабыл алышууда. Ошентсе да айрым серепчилер сүйүнүүгө али эрте экендигин белгилеп жатышат. Анткени, эгерде Президент жакында парламент тарабынан митинг өткөрүү боюнча кабыл алынган мыйзамга кол койсо, Конституциялык соттун бул чечими суу кечпей калат.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиевдин билдирүүсүндө, “Жарандардын куралсыз, тынч чогулушу жөнүндө” мыйзам долбооруна өлкө башчысынын кол кою мөөнөтү келип калды:

- Мен мыйзамга кол кое турган мөөнөт келип калганын билем. Биздеги юридикалык бөлүмдүн экспертизасынан кийин, президент карап, ошого жараша бул мыйзамга кол коебу же койбойбу - чечим кабыл алат.

Учурда президенттин бул мыйзамга кол коер-койбосу жарандык коомчулуктун чыдамын кетирүүдө. Буга чейин президент Улуттук теле радио корпорациянын (УТРК) статусу тууралуу талаштуу маселеде да ушинтип акыркы сөзүн чоюп отуруп, акыры “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” боюнча мыйзамга кол койгон. Ошентип, УТРКны коомдук каналга айлантуу идеясы таш капкан. Эми өлкө башчысы дагы бир талаштуу маселеде көңул чордонуна чыгып отурат. Айрым серепчилер бул эки учурга тең бир эле сценарий негиз болуп жаткандыгын белгилешүүдө.

“Жарандардын куралсыз, тынч чогулушу жөнүндө” мыйзам долбоорун Коммунисттер партиясынын башчысы, депутат Исхак Масалиев иштеп чыгып, аны парламент 13-июнда кабыл алган. Мыйзамга ылайык митинг-пикеттер орчун делген стратегиялык объектилерден 30-50 метрден алыс жерде өткөрүлүшү керек. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү митинг өткөрүү жайларын өзү көрсөтөт. Ушундан улам укук коргоочулар бул мыйзам долбоорун демократиядан артка чегинүү катары баалашып, ага каршылыгын билдирип чыгышты. Ал эми депутат Исхак Масалиев “Азаттыкка” курган маегинде минтип ызы-чуу көтөрүүгө негиз жоктугун айтты:

- Ал жерде Жогорку Кеңеш, администрация, өкмөт үйүнөн 30 метр, 50 метр жакын жерде митинг өткөрбөө керектиги айтылган. Мисалы, Жогорку Кеңешти алсак, 30 метр - бул аянттын ортосу болуп атпайбы. Корко турган эмнеси бар? Сөзсүз айнектин түбүндө кыйкырыш керекпи?

Мыйзамга караманча каршылыгын билдирип келген укук коргоочу Азиза Абдирасулова кооптонуу коңгуроосун кагууга чындап негиз бар экендигин айтат. Анын айтымында, жаңы мыйзам долбооруна ылайык, митинг өткөрөм дегендер мурдагыдай жөн гана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул тууралуу кабарлап койбостон, алардын уруксатын алышы керек болот:

- Уруксат алуу дегени пикет-митинг ал мамлекетте өтпөйт дегенди билдирет. Жаңы мыйзам долбоорунда “Жергиликтүү бийликтер уруксат берсе берет, бербесе жок” деп атат. Эч кайсы жергиликтүү бийлик өзүнө жоопкерчилик албайт. Эртеси эле президент: “Эмнеге сенин элиң тигил жерде көтөрүлүп жүрөт”, деп сурайт.


“Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөсү, жаш активист Мирсулжан Намазалиев Бишкек шаардык кеңешинин митинг тууралуу токтомуна ылайык, бир нече жолу тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кармалып, айып пул төлөп чыккан. Анын айтымында, токтом парламенттик шайлоо алдында кабыл алынып, ал буйрутма токтом болгону ачык эле көрүнүп турат. Анткени шайлоо маалындагы мыйзам бузууларга нааразы эл сөзсүз түрдө көтөрүлмөк, бийлик жөн гана мунун алдын алуу аракетин жасады. Эми бийлик мындай ыкма менен бүт республиканы колго алуу амалын жасап жатат:

- Эгерде ал (президент) тынч жыйындар жөнүндө мыйзам долбооруна кол койсо, муну менен Бишкек шаардык кеңештин токтому республикалык деңгээлге таркаган ажыдаардык мыйзам болот.

Учурда Кыргызстанда жарандык коом президентти митинг тууралуу жаңы мыйзам долбооруна кол койбоого чакырууда. Буга чейин бул тууралуу президенттин дарегине бир катар кайрылуулар жолдонгон. Азыр да мындай аракеттердин изи сууй элек. Маселен, Эртең Акыйкатчынын алдындагы укук коргоочулардын Коомдук кеңеши жарандардын эркин жыйналуу укугуна байланыштуу чукул талкуу уюштуруп жатат.

Бирок жарандык коомдун суранычына өлкө башчысы кулак салаар салбасы азырынча белгисиз. Анткен менен айрым серепчилердин, эгер президент мыйзам долбооруна кол кое турган болсо, окуялар кандай өнүгө тургандыгы жөнүндө жоромолдору даяр. Саясат тануучу Токтогул Какчекеевдин ишениминде, мунун эртеңи оор болуп калышы ажеп эмес.

- Бул же диктатурага алып келет, же жаңы президент, жаңы бийликке алып келет...

XS
SM
MD
LG