Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек “Де-факто” гезитинин башкы редакторуна “билип туруп жалган билдирүү тараткан” деген айып коюлуп, Кыргызстандан чыгып кетпөө тууралуу тил кат алынды. Ошондой эле “Де-факто” гезитинин айланасындагы чатакка тиешеси бар экени аныкталган укук коргоочу Качкын Булатов 48 саатка камакка алынды. Эркин гезиттин айланасында түзүлгөн мына ушундай кырдаал боюнча Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- «Де факто» гезитинини айланасында учурда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу «Акыйкат үчүн» кыйымлы жана Коомдук парламент билдирүү менен чыкканы жаткан экенсиздер. Билдирүүнүн мазмунуна токтоло кетсеңиз?

- Өзүң айтып кеткендей, чынында эле кийинки мезгилде Кыргызстанда өкүнүчтүү, ошону менен бирге эле нааразычылык туудура турган кээ бир окуялар болуп атат. Ошолордун бири “Де-факто” гезитинин тегерегинде болуп аткан окуялар. Бул жөнүндө көп эле айтылып келатат, менин кошумчаларым, кечээ белгилүү адам укугун таанучу, “Эрадочу” кыймылынын жетекчиси Качкын Булатовдун кармалып, эки суткага камакка алынганы жөнүндө маалымат угарыбыз менен биз “Акыйкат үчүн” кыймылынын жана Коомдук парламенттин жетекчилери, элдин мүчөлөрү чогулуп, адвокат Токоноевди көпкө күтүп отуруп, ал келгенде бүт маалыматтарды уктук. Анын айтуусуна караганда, көрсөткөн документтерине караганда Качкын Булатович мурдатан эле 19-июндан бери эле укук коргоо органдары, атап айтканда ички иштер башкармалыгы менен кызматташып өздөрү, убагында барып, качан, кандай иш болсо биз даярбыз деген. Ошого карабастан кечээ паспортуң жок деген болбогон шылтоо менен Качкын Булатовду кармап, отургузуп коюшуптур. Ошол эле мезгилде ал документтеринде көрсөткөн өзүнүн адам укуктарын коргоо кыймылынын жетекчиси экени жөнүндөгү күбөлүгүн, андан бир аздан соң иниси Кочкордон паспортун алып келип берген. Ошого карабастан, мына биз таанышып чыктык, протоколдо документи жок, кылмыш үстүндө кармалган деген болбогон шылтоолор менен отургузуп коюшкан. Ушунун өзү дагы биздин Кыргызстанда мыйзамдын сакталбагандыгы, аны абдан өлчөөсүз чоң орой, одоно жол менен тебелешип жатышкандыгынын күбөсү болуп отурабыз. Ушуга байланыштуу биз билдирүү даярдадык. Буюрса бүгүн ММКлардан билдиребиз. Анын маңызы бир чети жалпы гезиттин, Кыргызстанда дегеле басма сөз эркиндигине болуп жаткан расмий бийлик тарабынан болгон мамиле. Ошого байланыштуу адамдардын тагыдыры дагы кордолуп атканына биз нааразылык билдиребиз.

- Айып тагылып жаткан берене боюнча 2 жылга эркинен ажыратуу каралган экен. Бул берене боюнча кылмыш ишин козгоо менен эмне максат көздөлүүдө? Рамсий тарап мында эч кандай саясый себеп жок деп билдилип жатпайбы?

- Мен мурда да айткам, дагы бир ирет кайталап кетейин, ушундай иштерге албетте жол бербеш керек эле, редакция жагынан дагы текшерилбеген, такталбаган маалымат чыгарган кемчилик болгон. Бирок аны тынчтык, төгүндөө жолу менен сүйлөшсө болмок. Мынчалык ырбатып Чолпон Орозобековага, Качкын Булатовго да каршы иш козгоп, аны отургузуп койгонунун өзү кандай гана болбосун газетаны жабуунун каттуу аракети катары көрүш керек. Демек Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы басма сөз болбосун деген тилектердин бир көрүнүшү. Мен муну түздөн-түз эле саясий эсеп-кысабы бар деп эле айткым келет.

- ЕККУ төрагасы гезиттин айланасындагы кырдаалга көз салып турганын айткан. Бирок анын сапары аяктаган соң ушундай чечим кабыл алышына
сиздин пикириңиз?


- Ооба, өзүң айтып кеткендей, биринчи жолу эле эмес, көп эле биллирүүлөр, кайрылуулар болуп атат. Тилекке каршы бизде Кыргызстанда бет маңдай сүйлөшкөндө аракет кылып атабыз, баары жакшы дейт да, анан көзү жокто кайрадан тескери иштерге көбүрөк аралашып атабыз. Бул өзү сөз мене ниш ортосунда чоң ажырым бар экенинин далили болуп турат.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG