Түз жолдон 3 тонна, ал эми өйдөлүштөн бир жарым тонна жүк тарткан жылкынын жаңы асыл тукуму учурда Тоң районунда багылып атат. Аттын ээси “Башат М жана Жол чоро” коомдук фондусунун жетекчиси Алмаз Акунов аны Орусиядан сатып келгенин айтты. Дон породасындагы тяжеловес деп аталган бул жылкы азыр 8 асый. Алмаз Акуновдун айтуусунда, аны асырап атканын негизги максаты кыргыз жылкысынын сапатын жакшыртуу үчүн асыл тукумун аргындаштыруу. Башка аттардан өзгөчөлөнгөн бул жылкы туристтик саякатчылардын да көңүлүн бурууда. (RB)