Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Шейшемби күнү (1-июлда) Монголиянын баш калаасында өткөн башаламандыкты айрымдар мындан үч-төрт жыл мурун Украина жана Кыргызстанда орун алган ыңкылаптай ири окуянын башаты болушу ыктымал деп санашууда. Улан-Баатарда өткөн нааразылык толкундоолор жогоруда аталган өлкөлөрдөгүдөй эле парламенттик шайлоодо азыркы бийликтеги Элдик Революциячыл партия көпчүлүк добушту алганы алдын-ала маалым болгондо тутанды. Бирок айрым байкоочулар монгол эли шайлоодогу бурмалоого нааразы болгону менен, бийликтеги өзгөрүүлөргө даяр эмес деп эсептейт. Орусия сыяктуу өлкөлөр бул окуяларга кабатырлануу менен кароодо.

Монголияда парламенттик шайлоодогу бурмалоолорго каршы көтөрүлгөндөрдүн толкундоосу күч менен басылгандан күндүн эртеси иш сапары менен Анкарада жүргөн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий Маскөөнүн бул окуяларга кабатырланып жатканын мындайча билдирди.

-Ар бир адам «гүлдөрдүн ыңкылаптары» деп аталган окуялардын кейиштүү натыйжасынан сабак алды болуш керек деп үмүттөнөм. Монголиядагы кырдаалга келсек, алар ыңкылапчыл усулдардан баш тартып, мыйзамдын чегинде гана иш жүргүзүүсү керек.

АКШнын Блумингтон шаарындагы Индиана университетинин Борбордук Евразияны изилдөө бөлүмүнүн жардамчы профессору Кристофер Этвуд Монголияда шейшемби күнү (1-июлда) орун алган окуяларды Украина жана Кыргызстанда болуп өткөн ыңкылаптар менен салыштыруу таң калыч туудурбастыгын айтат.

“Азаттык” үналгысына берген маегинде профессор Этвуд Совет доорунда Монголия Москванын жакын ынтымакташы болгонун, акыркы жылдары мурдагы коммунисттер бийликке кайра келген Улан Баатар Кремл менен кайра жакындашканын белгиледи.

Монголия алтын, көмүр, жез сыяктуу кендерге бай өлкө. Жакында да өлкөдө жаңы кендер ачылды. Ушундан улам коррупциялашкан өкмөт бул жаратылыш байлыгын туура эмес пайдаланышы ыктымал деген тынчсыздануу монгол элин Улан-Баатардын көчөлөрүнө нааразылык чарасын уюштуруп чыгууга олуттуу түрткү болду.

Чет элдик компаниялар Монголияда табылган жаратылыш ресурстарын иштете баштады жана бул байлыктардын наркынын 49 пайызына ээ. Монгол өкмөтүнө болсо 51 пайызы тийген. Өкмөт аны каалагандай үлөштүрө алат. Бийликтеги Элдик Революциячыл партия аны жергиликтүү компаниялар арасында бөлүштүрүп берип, монгол элин иш орундары менен камсыз кылууга убада кылууда. Ал эми оппозициялык Демократиялык партия болсо бул кендерден алынган кирешени ар бир монгол атуулуна бөлүштүрүп берүүгө убада кылып келген. Серепчилердин пикиринде, калайык бул эки негизги партияга тең анча ишене бербейт.

Монголияда чыккан чийки заттын негизги сатып алуучусу Кытай. Бирок монгол эли ушул күнгө чейин Кытайга кооптонуу менен карап, анын тымызын башкарып алуусуна жол бербөө аракетин жасап келет. Этвуддун айтымында, мурдагы коммунисттер бийлеген азыркы монгол өкмөтү түндүк коңшусу - Орусия менен мурдагы салттык дурус мамилелерди кайра жандандыруу чараларын көрүүдө.

-Орусия да Монголиядагы мурдагы турумуна ээ болуу үчүн өзгөчө жигердүү аракеттенүүдө. Орустар Монголияга кайтып келүүдө. Жакында эле калктын пикирин билүү үчүн өткөрүлгөн сурамжылоодо монгол эли Орусияны негизги өнөктөшү катары көрөөрү айгинеленди. Демек, монгол калайыгынын көз карашында, Орусия кайрадан Монголиянын Кытайга каршы колдоп тураар болжолдуу коргоочусу катары каралат.

Профессор Этвуддун оюнча, анча-мынча бурмалоолор болгону менен, азыркы бийликтеги партия салыштырмалуу көпчүлүк добушту алганына ишенүүгө да болот. Анын үстүнө соңку тирешүүнүн башкы уюштуруучусу – бийликтеги партияга негизги атаандаш Демократиялык партия эмес эле, өтө чакан «Атуулдук Мүдөө» партиясы болду, ал эми шейшемби күнү монгол эли коррупцияга малынган өкмөткө нааразылыгын билдирүү үчүн гана көчөгө чыкты дейт америкалык серепчи.

Ал эми монгол оппозициячыл саясатчылары болсо мындай пикирге макул эмес. Эгерде бурмалоолор болбосо, добуштун көбүн биз алат элек, дешет алар. Шейшембидеги тирешүүдө бери дегенде 5 киши набыт болду, 700дөй киши камакка алынды.

Ал эми жергиликтүү басма сөз окуяларды кантип чагылдырды экен? Монголиянын жергиликтүү сыналгы каналдары, анын ичинде өкмөт каржылаган, бирок 2005-жылдан бери коомдук макам алган улуттук сыналгы каналы да окуяларды төкпөй-чачпай чагылдырып турганын чет өлкөлүк байкоочулар баса белгилеп, бул жагынан пост-советтик өлкөлөр Монголиядан сабак алышы мүмкүндүр дешүүдө.
XS
SM
MD
LG