Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:05

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИ «СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ ӨЧӨШКӨН ЖЫРТКЫЧТАРДЫН» ТИЗМЕСИНДЕ


Кубат Чекиров, Прага Эл аралык укук коргоо уюмдары "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен кызматташып келген Сазак Дурдымурадовду камактан бошотуу чакырыгын түркмөн бийлигине жолдоду. Сазак Дурдымурадов "Азаттык" үналгысына сүйлөп пикирин айтып койгону үчүн бийлик тарабынан эл арасында азыркы Гулаг катары атыкан психиатриялык ооруканада он күндөн ашык убакыттан бери камакта жатат.

Сазак Дурдымурадов эч кимге пайдадан башка зыяны жок тарых мугалими, ал сонку эки ай ичинде "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчыларына ой-пикир бөлүшүп иштешип келген. Колдогу маалыматтарга караганда Дурдымурадовду камакка алгандан кийин токмоктошуп, электр тогу менен сайгылап, "Азаттыктын" радиоберүүлөрүнө мындан ары катышуудан кат жүзүндө баш тарт деп кыйнашкан.

Аны ошондон кийин Лебап аймагындагы түркмөн режимин сындагандарды жазалоочу жай болуп калган псих ооруларын дарылоо жайына которушкан. Бул кейиштүү окуя эл аралык деңгээлде чагылдырылды, маселен «Нью-Йорк Таймс" жана «Вашингтон Пост" сыяктуу гезиттердин көңүлүн бурду. Эл аралык укук коргоо уюмдары, анын ичинде Журналисттерди Коргоо Комитети, «Чек арасыз кабарчылар уюму» Дурдымурадовдун камалып кыйноого алынып жатышын айыпташууда.

Парижде жайгашкан «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун директорунун орун басары Жеф Джуллиар Сазак Дурдымурадовду кысып- кыйноо таптакыр чектен чыккан көрүнүш деп билдирди.

"Биз Сазак Дурдымуровду бошотуу жөнүндө өтүнүч менен түркмөн бийлигине кайрылабыз. Биз анын эч кандай күнөөсү жок деп ойлойбуз. Ал журналист катары өзүнүн ишин аткарды. Бул жерде мыйзамга каршы эч нерсе жок. Анын башына түшкөн кыйын кырдаал бизди өтө тынчсыздырат. Биз аны кысмакка алып-кыйнап жатышат деп ойлоп жатабыз. Аны жазалоо максатында ооруканада кармоо эч жол берилгис көрүнүш. Ошондуктан биз түркмөн бийликтерин аны бошотууга чакырабыз»,- деди Жеф Жуллиар.

Жеф Жуллиардын айтымында, Дурдымуровду камоо окуясы түркмөн бийлигинин төрөлөрү өлкөдө адам укуктары жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда орун алганы абдан дендароо кылды.

"Бул камоо окуясы түркмөн жетекчилери менен Европалык Биримдиктин лидерлеринин ортосунда адам укуктары жаатындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканда болгону бизди титиретти. Ошондуктан биз Европалык Биримдиктин лидерлерин дагы Сазак Дурдымурадовду бошотуу үчүн кийлигишүүгө чакырабыз»,-деди Жеф Жуллиар.

Жеф Жуллиардын айтымында, Дурдымурадовдун окуясы Түркмөнстандагы адам укуктары басмырланган көп сандаган көрүнүштөрдүн соңкусу гана. «Чек арасыз кабарчылар» уюму өзүнүн соңку жылдык иликтөөсүндө жаратылыш газына бай Түркмөнстанды сөз эркиндигинин деңгээли боюнча 169 өлкөнүн ичинен 167 орунга коюуга аргасыз болгон.

"Түркмөнстанда журналисттер үчүн да, башкалар үчүн да, эч кандай эркиндик жок. Адам укуктарына эч кандай урмат-сый жасалбайт. Бул дүйнөдөгү өтө жабык турган өлкөлөрдүн бири. Басма сөз эркиндиги бул жакта эч качан болгон эмес. Сөз эркиндиги, жыйындарды куруу эркиндиги сыяктуу адам укуктарынын эч бирин мында кадырлабайт. Дүйнө боюнча адам укуктарын коргогон бардык уюмдар үчүн Түркмөнстан өзгөчө тынчсыздануу жараткан өлкө бойдон калууда.»

Жуллиардын айтымында, мына ушундай кейиштүү көрүнүштөрдөн кийин «Чек арасыз кабарчылар» уюму түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедовду «Сөз эркиндигин мойсогон жырткычтар» жана «Интернеттин кас душмандары» деп аталган тизмеге киргизишкен.

«Биз алардын реакциясына түшүнбөйбүз. Түркмөн бийликтери өзүнүн сырткы дүйнөдөгү бедели жөнүндө чынында эле кам көрүшпөйт дегендей ойдо калып жатабыз. Дүйнөлүк коомчулукта алар жөнүндө ой-пикир өтө жаман, аларды дүйнөдөгү өтө катуу диктат орногон өлкө деп билишет. Мен билбейм, эмне үчүн алар ушундай кылып жатышат. Эгер алар өздөрүнүн атак-аброю жөнүндө ойлошсо, маалымат майданын башкаруу ишинде сынга калбоого аракет кылышат эле да. Биз ушул 2008-жылы Түркмөнстандын жаңы жетекчилери, - биринчи иретте жаңы президенти – мындай кейиштүү көрүнүштөргө жол берүү керек эместигин түшүнөт деп ойлойбуз. Президент Бердимухаммедов ушундай куугунтук саясатын уланта берсе дүйнөдөн обочо калып, өзүнүн элине да, өлкөсүнө да эч качан жардам бере албайт»,-дейт Жеф Жуллиар.

Түркмөнстандан куулуп чыккан оппозициялык партиянын лидери Нурмухаммед Ханамов азыр Венада жашайт. Ал Түркмөнстанда 2006-жылы декабрда мурдагы президент Сапармурад Ниязов өлгөндөн кийин адам укуктары жатында эч кандай жылыштар болгон жок деп эсептейт.

"Ниязовдун учурунда кандай болуп келген болсо азыр деле акыбал ошондой, сөз эркиндиги жана эркин маалымат каражаттары жаатында эч кандай жылыштар болгон жок. Соңку окуя муну дагы бир жолу ырастап турат".

Вячеслав Мамедов – Түркмөнстанда улуттук азчылыктардын таламын талашып келген мурдагы укук коргоочу. Ал өлкөдөн бозгунга кетердин алдында тымызын кызматтардын сурагында болуп, ЕККУнун Ашгабаттагы офисине эч качан бара албагандай болуп түрмөгө салынган. Бийликтер Мамедовду ЕККУга саясий документти берип салды деп айыпташып, чет өлкөлүктөр менен жолукканга бөгөт коюу үчүн ага борбор шаарга келүүгө таптакыр тыюу салып коюшкан.

"Дурдымурадовдун окуясы түркмөн бийликтеринин чыныгы жүзүн көрсөттү. Акыркы бир жарым-эки жылдын ичинде алар өлкөдө либералдык жана демократиялык реформаларды баштаган болуп көрүнүп элди алдап келишти. Чынында эч кандай реформалар өлкөдө болгон жок»,-дейт Мамедов.

АКШнын мамлекеттик департаменти дагы 28-июнда бул маселеге атайын көнүл буруп, Дурдымурадовдун камалышы жана кыйноого алынышына терең кабатырлануу билдирди. Мамдепартаменттин өкүлү Том Кейси «журналисттерди коркутуп үркүтүүнүн ар кандай аракетин адам укугун басмырлоонун эч жол берилгис түрү» деп атады.
XS
SM
MD
LG