Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

МЕДВЕДЕВ “ТОКОЧТУУ” ҮЧ ӨЛКӨНҮ ТООРУГАНЫ САПАРГА ЧЫКТЫ


Россиянын президенти Дмитрий Медведев Каспийдин алабындагы үч өлкөгө беш күндүк сапарга чыкты. Бейшемби күнү ал Бакуда президент Илхам Алиев менен экономикалык кызматташтык маселелерин, Каспийдин статусуна байланыштуу проблеманы талкуулады. Орус президенти эми Ашгабатта, андан соң Астанада болот. Медведев эмне үчүн ушул үч өлкөнү кыдырууну чечти?

Бакуда президенттер Россия менен Азербайжандын ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюшту. Эки тараптын саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыгын чыңдоо жолдорун сөз кылышты, эл аралык орчундуу проблемаларды талкуулашты. Ошентсе да Медведевдин беш күндүк бу сапарынын башкы максатын байкоочулар негизинен энергетика маселеси менен менен байланыштырып жатышат.

“Орустар азерилердин бүткүл газын сатып алгысы келишет, алардын “көгүлтүр отунун” Nabucco кууру эмес, өздөрүнүн каналдары аркылуу экспортко чыгарууну көздөшөт. Көздөгөн башкы максат ушу,бирок Медведев Азербайжанга конструктивдүү эчтеме деле сунуш кыла албайт. Азербайжан газын жана табигый башка байлыктарын өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына пайдалангысы келет”, - деп билдирди бакулук аналитик Вефа Гулизаде.

Медведев эртең Түркмөнстанга келет. Ашгабаттык эксперт Атагелди Гараев бул жерде да сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы газ болот деп эсептейт. “Россия жана президент Медведев дүйнөдөгү эң өтүмдүү товарга – түркмөн газына ээ болгусу келет, болгондо да аны арзан баада сатып алууну көздөйт. Албетте, маданий карым-катнаштардын, соода-сатыктын келечектери тууралуу да сөз козголот, бирок түркмөн газы башкы тема болот”,- дейт Гараев.

Ашгабаттык эксперт бакулук аналитиктей эле түркмөндөр да орустарга өз өнөгүн алдырбайт деп ишенет. “Түркмөнстандын ушу тушта эле өз газын көп өлкөлөргө, мисалы, Кытайга жана башкаларга сатканга кеңири мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан ал өз газы үчүн орустардан азыркыдан кыйла кымбат баа талап кылат”.

Лондондо жайгашкан Согуш жана тынчтык кабарлары институтунун улук редактору Жон Маклеод ашгабаттык жана бакулук аналитиктерден айрымаланып, Россия өзүнө керектүүнү кантип аларын жакшы билерин белгиледи. “Менимче, дүйнөлүк баанын кескин өсүп баратканы, региондун газына кызыгып жаткан тышкы оюнчулардын, мисалы,европалыктардын колдоосу Каспийдин алабындагылардын биртке сүбөөсүн көтөрүп салды,- дейт ал. - Бирок ар кандай алтернативдүү экспорттук каналдар менен долбоорлор ишке ачкыча али көп мезгил бар экенин орустар жакшы түшүнөт.Ушундан эле алар бир топ нап чыгарып алганга жетишет”.

XS
SM
MD
LG