Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

АБХАЗ ЧАТАГЫ ДАГЫ ЧАТАШТЫБЫ?


Грузия жикчил аймагы катары эсептеген Абхазия соңку жарылуулардан кийин Грузия менен де-факто чек арасындагы өткөөл бекеттердин баарын белгисиз мөөнөткө жаап салды. Жарылуулардын экөөсү курорттук Гагра шаарында, үчүнчүсү борбор Сухумиде болгон эле. Андан баш-аягы он эки киши жаракат алган. Бул окуялар эки ортодогу ишенбөөчүлүктү кайрадан күчөткөнсүдү.

Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Абхазиянын бийликтери жарылуулар үчүн Грузиянын чалгын кызматтарын күнөөлөштү. Ал эми грузин бийликтери буга башкача түшүндүрмө беришүүдө. Алар муну Абхазиянын өз ара атаандашкан криминалдык топтору ортосундагы ич ара согуштун көрүнүшү катары мүнөздөштү.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Кавказ боюнча аналитиги Лиз Фуллердин көз карашында, соңку жардыруулар абхаз президенти Сергей Багапш менен анын атаандашы жана орун басары Раул Хаджимбанын топтору ортосундагы ички саясий күрөштүн жаңы баскычынын белгиси болушу мүмкүн.

Маселен Хаджимба 1992-93-жылдары Грузия менен согушка катышкан ветерандардын Аруаа деп аталган бейформал ассоциациясы менен карым-катнашта. Өткөн айдагы курултайында ушул бирикме абхаз жетекчилигин азыркы тышкы саясат Грузиянын НАТОго кошулуусуна жол ачып, тынчтык жараянын кепилдөөчү катары Орусиянын ролуна шек келтирип жатканы үчүн айыптаган. Ошондой эле курултайында согуш ардагерлери Абхазиянын азыркы жетекчилигине ишеним көргөзбөө жөнүндө добуш беришкен.

Ал эми 26-июнда абхаз президенти Сергей Багапшты орус президенти Дмитрий Медведев кабыл алган. Бул -абхаздардын азыркы лидеринин орус мамлекет башчысы менен биринчи ирээт кездешүүсү болду. Жолугушууну Орусиянын тышкы иштер министрлиги муну менен президент Грузиянын жетекчилигине, Багапштын Сухимидеги атаандаштарына Москва аны колдоп жатканы жөнүндө белги берди дегендей кыязда комментарийлеген.

Апрель айынын соңунда Орусия Абхазиядагы конфликт зонасында жайгашкан бейпилдик күчтөрүнүн санын дагы 500 аскерге көбөйткөн эле. Мындай кадамын Москва Грузия менен Абхазия ортосундагы тирешүү күчөгөнүнө байланыштырган. Грузия болсо Орусиядан ошол кошумча контингентти чыгарып кетүүнү 21- майда эле расмий талап кылган.

Ал эми 5-июнда Европа парламенти Абхазияга Орусия тараптан кошумча аскерлердин киргизилишине олутуу тынчыздануусун билдирип, Москваны аскерлерин тез алып кетүүгө чакырды. Европарламент ошондой эле өз резолюциясында бейпилдик күчтөрүнүн форматын кайра карап көрүүнү сунуш кылган. Европарламенттин көз карашында, тынчтык жараянына Еврошаркет көбүрөөк аралашуусу керек, ошондой эле конфликт зонасына Европанын чек ара миссиясын да жиберүүгө болот.

Бул аралыкта 27-июнь күнү Орусиянын "Коммерсантъ" гезити абхаз жаңжаалын чечүү жана туңгуюктан чыгуу үчүн Тбилиси Москвага сунуш кылды делген жаңы план тууралуу жазып чыкты. Ал план боюнча бүткүл Абхазияда формалдуу түрдө Грузиянын суверенитети орномок, республикага автономия берилмек. Бирок иш жүзүндө анын аймагы Орусиянын жана Грузиянын таасиринде калуучу болуп экиге бөлүнмөк. Чек арадагы орусиялык бейпилдик күчтөр грузин-абхаз полициясы менен алмаштырылмак.

Муну менен "Коммерсантъ" гезитинин жазганына караганда, эки тарап тең өз жүзүн сактап калмак. Грузин президенти Михаил Саакашвили Абхазия Грузиянын караагына кайтканын салтанаттуу жарыялай алмак. Абхаз тарап болсо аймагынын аз бөлүгүнө көзөмөлдү жоготкону менен иш жүзүндө өзүнө Грузиядан көз карандысыздыкты кепилдемек. Ал эми Москванын буга макул болгон акысы үчүн Грузия НАТОго кирүү аракетин токтотуп, Абхазияны экономикалык жактан тоскоолдуксуз өздөштүрүүсүнө мүмкүндүк бермек. Грузин парламентинин кооргонуу жана коопсуздук иштери боюнча комитетинин төрага орун басары Николоз Руруа "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматындагы маегинде Грузия абхаз жаңжаалы чечилиши үчүн НАТОдон баш тартууга макул деген жоромолду төмөнкүчө комментарийледи:

- Маселенин мындай формулировкалоо - эки жүздүүлүк. Анда жалган прагматикалык аспект бар. Бирок чынында бул -келесоолук. Аймактык бүтүндүк НАТОнун, НАТО аймактык бүтүндүктүн ордуна бериле албайт. Бул эки максат бири –экинчисине параллель, алар бири-бирине атаандаш эмес.

Кызык жери абхаз жаңжаалын чечүү боюнча "Коммерсантъ" жазган ыктымал планды Москва да, Тбилиси да четке какты. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров аны "калп" деп атаса, грузин тышкы иштер министрлиги "провакация" деп мүнөздөдү.

Мунун алдында май айынын он тогузунда да аталган басылма грузин жана абхаз жетекчилиги алдын ала макулдашууга жетип калганын жазып чыккан эле.

"Коммерсантъ" Кремлге жакын турган ири ишкер Алишер Усмановго таандык экенин эске алганда, анын мындай макалалары "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Кавказ боюнча аналитиги Лиз Фуллердин көз карашында, Москванын грузин жетекчилигин чаташтыруу, алардан узактан берки жаңаалды чечүүгө кызыкдар эмес кылып көргөзүүгө кошумча далил болгудай шашылыш жооп алууну көздөгөн стратегиясынын бир бөлүгү экенин жокко чыгарууга болбойт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG