Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

ПОЛЬША АКШ МЕНЕН СООДАЛАШУУДА


Амирбек Усманов, Прага АКШнын ракетадан коргонуу системасын Польшанын территориясына жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкпай жатат. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн «маанилүү бөлүгү аяктады», деп билдирди Польшанын Коргоо министри Богдан Клих бейшемби күнү. Мурдараак Варашава жана Вашингтон бул маселе боюнча негизинен мунасага жетишкени маалымдалган эле. Москва ракетадан коргонуу системасы Россияга каршы багытталган деп, ага каршы чыгууда. АКШнын ырасташынча, коргонуу ситемасы Иран сыяктуу өлкөлөрдүн ракета чабуулунан коргонуу үчүн зарыл.

Польшанын премьер-министри бейшемби күнү АКШнын элчиси Виктор Эшти кабыл алды. Бир күн мурда маалымат булактары ырасмий өкүлдөргө шилтеп, АКШнын ракетадан коргонуу системасын Польшада жайгаштыруу боюнча эки жак 1- июлда өз ара мунасага келишкенин кабарлаган. Атүгүл Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Витольд Ващиковский сүйлөшүүнүн жыйынтыгы өкмөт башчыга берилип, «ооба же жок» деп айтуу анын эркинде экенин билдирген болчу.

Премьер-министр Дональд Туск жана Тышкы иштер министри Радек Сикорски АКШлык элчи Виктор Эш менен 45 мүнөт жабык эшик артында сүйлөштү. Эштин өтүнүчү боюнча өткөн сүйлөшүүдө польшалык- АКШлык мамилелер, ошондой эле «Польшада ракетадан коргонуу системасын куруу» маселеси талкууланганын ырасмий Варшава маалымдады.

Польша өкмөтү 1-июлда жетишилген макулдашууга макул эмес экенин Коргоо министри Богдан Клих бейшемби күнү ачыкка чыгарды. Клих “Zet”радиосуна берген интервьюда.сүйлөшүүнүн «маанилүү гана бөлүгү» аяктаганын айтып, «Эгер биздин талап тийиштүү деңгээлде канаатандырылса, ооба дейбиз. Пайдадан чыгашасы ашып түшсө, жок»,- деди.

АР агенттигинин кабарлашынча, Варшава базага макул болуу менен, анын акысына АКШдан миллиарддаган доллар аскерий жардам талап кылууда. Бул жардам, Варшаванын айтымында, эгерде система жайгаштырылса, Польша бутага алынат деп коркуткан Россиядан коргонуу үчүн керек

Президент Буштун администрациясы Варшаванын талабын утурлай 20 миллион доллар жардам бөлдү. Акчаны бирок Конгресс беките элек. Мындан тышкары жыл башында Польшага 27 миллион доллар жардам берилген.

Ырасмий Москва АКШнын Польшага жана Чехияга жайгаштырылчу коргонуу системасы Россиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат деп, планга башынан каршы. Кошмо Штаттар Чех өкмөтү менен радардык станцияны куруу жөнүндөгү келишимге эмки жумада кол койот.

Сурамжылоолорго караганда, көпчүлүк поляктар жана чехтер АКШнын ракетадан коргонуу системасына каршы. Бул жагдай улуттук өкмөттөр үчүн дагы бир татаал суроо болору шексиз.

XS
SM
MD
LG