Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Президент экономикага байланыштуу үч буйрукка кол койду. Аларга ылайык Кыргызстанда “Агроазыктүлүк” корпорациясы, “Экономикалык өнүктүрүү” фонду түзүлөт. Ошондой эле банктардагы аманаттарды коргоо боюнча атайын агенттик түзүлөт. Азык-түлүккө баа көтөрүлүп, экономикалык өсүш басаңдап турган шартта бул органдар кандай маселелерди чечет?

“Экономикалык өнүктүрүү” фонду тууралуу мыйзамды мурунку парламент өткөн жылы кабыл алган. Эми президент андай фондду түзүп, ишке киргизүүгө өкмөткө бир ай убакыт берди. Бул фондко кайдан каражат топтолуп, ал кайсы багытка жумшалыш мүмкүндүгү тууралуу экономика жана соода министри Акылбек Жапаров буларды билдирди:

Биздин кен байлыктарыбыз, акцияларыбыз, өзүбүздүн мүлктөрдү натыйжалуу башкаруу үчүн, ошондой эле башка жактан келе турган акчаларды бюджетке кириштирип, ремонт, курулушка кетирбей, бир сом жумшасак, эки сом алып келе турган долбоорлор ушул өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланат. Фонддун максаты Кыргызстан бюджетин керектөөчүдөн инвестициялык багытка буруу. Бул фондко Кумтөрдүн акцияларын да киргизүүнү сунуштап жатабыз.

Ал эми “Агроазыктүлүк” корпорациясына дыйкандардын түшүмүн сатып алуу, азык-түлүк продукцияларын экспортко чыгаруу, базар баасынын кескин өзгөрүүсүнө өзүнүн киришүүсү менен каршы туруу милдеттери жүктөлүүдө. Ал тууралуу Жапаров буларды белгиледи:

Мындан ары айыл чарба министрлиги мурдагыдай акча бергиле, аны элге таратабыз дебей, мына ушул “Агроазыктүлүк” корпорация аркылуу иштейт. Корпорация жыл сайын жазында кайсы өсүмдүктү кайсы баада сатып алаарын жарыялайт жана лизинг тармагында иш жүргүзөт. Белгилей кете турган нерсе, бул мурдагы СССРдин мезгилиндегидей административдик система болбойт, базарга ылайыкташкан структура болот. Ал эми биздин фирмалар кандай иштесе ошондой иштейт.

Корпорация өз алдынча иш жүргүзөт. Бирок бутка туруусуна мамлекет каражат бөлүп берүүгө тийиш.
Мына ушул эки органдын түзүлүшү менен мамлекет экономика жана базарга таасир этүүнүн кошумча таянычтарына ээ болуп жатат. “Буга чейин өкмөт каржы министрлиги жана улуттук банк аркылуу гана акча-насыя саясатына таасирин тийгизип келсе, эми мамлекеттин таасир этүүчү куралдары көбөйдү”, деп кошумчалады Жапаров.

Президенттин үчүнчү буйругу менен “Депозиттерди коргоо” агенттигин жана анын фонддун түзүү белгиленди. Бул агенттиктин фондунда 127 миллион сом болот. Фонддун негизги милдети кокусунан кайсы бир коммерциялык банк кудуретсиздикке учураса, анын аманатчыларына каражатын кайтарып берүү. Азырынча өкмөт аманатчылардын 20 миң сомун төлөп берүүгө кепилдик берүүдө. Эмне үчүн мына ушул суммада акчаны төлөп берүүгө мамлекет кепилдик берип жатыш себебин Улуттук банктын башчысы Марат Алапаев мындай түшүндүрдү:

Эмне үчүн 20 миң сом коюлган? Анткени 20 миң сом өлчөмдөгү аманат акчалар жалпы банк системасындагы депозиттердин болжолдуу түрдө 83% түзөт.

Улуттук банктын башчысынын пикиринде, “Депозиттерди коргоо” фондунун ишке кириши менен аманатчылардын банктарга акча салуусу өсөт. Фонд ишке кире элек учурда депозиттер өсүүдө. Маселен, акыркы алты айда 9.3% өсүп, 25 милилард 662 миллион сомду түзүүдө.

Бирок өлкөнүн экономикасынын өсүш ыргагы былтыркыга караганда басаңдоодо. Өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгында өсүш 8% ашуун болсо, быйыл 6.1% гана түзүүдө. Жыл жыйынтыгында жалпысынан экономика 7% тегерегинде өсүшү күтүлүп жаткандыгын Акылбек Жапаров белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG