Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

ЭСЕПТИ ЧАККАН, ЭРГИП ЫР ЖАЗГАН КУРМАНКУЛ


“Азаттыкка” ичтен ыр жазып жүргөн, мындайча айтканда “белгисиз акындар” кайрылган учурлар бар. Мына ошентип жазып жүргөндөрдүн бири, кесиби боюнча экономист Курманкул Жумалиевдин “Күзгү жаан” жыйнагы чыкты. Автордун аталган жыйнагында атуулдукка, гумандуулукка чакырган ыр саптар арбын.

“Кандай кыйын сөз айтуу бул Өмүрканага” деп белгилүү акын Сүйөркул Тургунбаев жазгандай, өтүп бараткан өмүргө, айлана-тегеректе болуп аткан окуяларга ар адамдын өз ою, өз мамилеси бар. Андыктан “Азаттык” бул Өмүрканага сөз айткан белгилүү акындар менен кошо, “белгисиз акындардын” да ыр аркылуу берилген ойлорун угармандарга жеткирип келет. Курманкул Жумалиевдин терме формасындагы “Айтматовду жоктоо” ыры да канчаларды ичтеги сөзү го...

Кабарды угуп Батыштан,
Кайгырып элим жатышкан.
Жакшы эле болуп калды деп,
Жамандыктан алыс качышкан.

Улуу инсан кетти арадан,
Улутун бирдей караган.
Уулубуз Чыңгыз жөнүндө,
Узак сөз элге тараган.

Кылымды бир күн карыткан,
Өнөрү миңди карыткан,
Биз эмес анын сөздөрүн,
Эчен-эчен далай хан уккан...

Бетеге кетер, бел калар,
Бектер да кетер эл калар,
Кээ бир бектерин элим эстебес,
Эсинде Чыңгыз сен калар...

Арча бир бутак баары ыйлап,
Атажурт, элиң дагы ыйлап,
Тоолоруң турар сагынып,
Алатоо эрип, кайра ыйлап...



Курманкул Жумалиев кесиби боюнча финансист-экономист. Бул кесип боюнча билимди ал Кыргызстандан жана Маскөөдөн алган. Бирок бала кезинен эле эч кимге көргөзбөй ичтен ыр жазып келет. Балким “Манастын” таасириби дейт Курманкул Жумалиев:

- Жашымдан “Манасты” көп окуп , жатка айтып жүрүп, ырга жакын болуп кеттимби деп ойлойм.

Курманкул Жумалиевдин “Күзгү жаан” китебин барактап карасак, адамдагы атуулдук, гумандуулук өңдүү сапаттарды даңазалоо менен, окурманды тымызын мына ушундай сапаттарга чакырган ыр саптар бар. Бирок айрым ырларда техникалык жактан аксаган саптар да жок эмес. Автордун лирикалык саптарында – жасалмаланбаган табигый эмоция байкалат:

Ысмың менен таңдар атты, кеч кирбеди,
Сага деген сезимдерим эскирбеди...

Жылмаюусу жылуу сезим тартуулап,
Жайдар мүнөз айткан сөзүн кайра улап,
Көз ирмемде жаштык кезим кайрылып,
Сезем жүрөк соккондугун катуулап...


Курманкул Жумалиевдин “Күзгү жаан” китебин окуп чыккан журналист жана адабиятчы республикалык “Ден соолук” гезитинин баш редактору Мундузбек Тентимишов төмөнкүдөй пикирде:

Курманкулдун “Күзгү жаан” китебинде өмүр ырдалат. Ал уйкаштыкты көп куубайт. Негизгиси ырларында ойдун окурманга жетимдүүлүгүнө аракеттенет.

Курманкул Жумалиевдин эненин эстелигинин алдындагы толгонуулардан улам жазылган ыры ар бир сезимтал угарманга таасир этери бышык:

Мүрзөсүнө келдим бүгүн апамдын,
Эстейм, ыйлайм, чындыгында капамын,
Апам жокто чуркап жүруп сезбепмин,
Кертилгенин бутта темир такамдын...

Сен сезгенсип өмүрүмдүн катасын,
Түшкө кирдиң, өңүң азып капасың,
Кээ бир кылган кылыгымды жактырбай,
Сөөмөй кезеп, урушкансып жатасың...
XS
SM
MD
LG