Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

16:55 Канттагы коомдук талкууда «Окуучулар арасындагы рекетчиликтин» күч алганы белгиленди


25-июнь бүтүрүүчүлөрдүн «Коштошуу кечесинде» Ысык- Атанын Жээк айылындагы 10-класстын 23 бүтүрүүчүсүнүн айрымдарын сабап, бирин бычактап өлтүрүп кетишкен. Мындай окуя окуу жылдын башында Панфилов районунда да катталган. Окуучулардын арасындагы рекетчиликтин болуп көрбөгөндөй зөөкүрлүк абалды түзүп баратканын белгилеген жарандык коомдун өкүлдөрү бүгүн «коомдук талкуу» уюштурушкан. Талкууга катышкан ЖК депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мугалимдер ички иштер кызматкерлери менен биргеликте алдын алуу чараларын күчөтүүнү колдоп чыгышты. Андан сырткары окуучулар арасындагы кылмыштуулукту тыюуда ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү чарасы талкууланды. (JJ)

XS
SM
MD
LG