Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:49

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Бүгүн Бишкекте пикет-митинг өткөрүү эркиндигине байланыштуу тегерек үстөл өтөт. Адам укугуна жана тынч, куралсыз чогулуу эркиндигине байланыштуу чукул уюштурулуп жаткан бул иш-чара Акыйкатчынын алдындагы укук коргоочулардын Коомдук кеңешинин демилгеси менен өткөрүлүүдө. Анда каралчу маселелер тууралуу Акыйкатчы Т. Акун кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

- Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев “Жарандардын куралсыз, тынч чогулушу жөнүндө” мыйзам долбооруна өлкө башчысынын кол кою мөөнөтү келип калганын кабарлабадыбы? Эгер президент мыйзамга кол койсо, бул сотто жокко чыгарылган токтомдун эле ордуна келбейби?

- Масалиевдин парламент тарабынан жакында кабыл алынган мыйзамы, бул Бишкек шаардык Кеңешинин токтомунун прототиби, ошонун эле экинчи көчүрмөсү. Ошон үчүн бул мыйзамды кабыл алуу Кыргыз Республикасынына, мамлекет башчысынын аброюна өтө чоң зыян келтирет. Анткени, бир токтомду жокко чыгаруу менен экинчи законду кабыл алган болуп калат. Ошон үчүн биз мамлекеттик эмес уюмдар, акыйкатчы, президентке кайрылып атабыз, бул мыйзамга чечкиндүү түрдө кол койбош керек, толук каршы болуш керек деп.

- Аталган мыйзамга кол койбоого чакырган кайрылууларды жиберген элеңиздер. Жарандык коомдун суранычына өлкө башчысы кулак салат деп ойлойсузбу?

- Кулак салмак түгүл Курманбек Салиевич биздин кайрылууну интернеттен, ММКлар аркылуу окуп, анан айтыптыр, "акыйкатчылар, укук коргоочулар кайрылып атат бул мыйзамга кол койбо деп, эмне үчүн, алар негиздеп берсин, алардын да сөзү жөндүү, мен алардын да сөзүн угам" деп, өзүнүн жардамчысы Айбек Ташиевич аркылуу кайрылып, мени чакыртып, сүйлөштү. Биз тиешелүү пакет, документтердин баарын бердик. Ошону экспертный атайын бөлүмгө берип, алар экспертиза жүргүзүү өткөрүп атат. Мунун өзү мамлекет башчысы ар бир маалыматка маани бергендигин билдирет. Мен мамлекет башчысы тиешелүү жыйынтык чыгарабы дейм.

- Эгерде бул мыйзамга кол коюлуп калса, мындай жагдай Кыргызстандын аброюна, адам укуктарына кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Таасири мындай, Бишкек шаардык Кеңешинин токтому кантип адамдардын тынч жүрүшкө болгон укугун чектесе, бул Масалиевдин мыйзамы андан кем эмес чектейт. Бул мыйзам алдындагы акт болуп эсептелет, Бишкек шаарынын токтому мыйзам эмес да. Ал эми азыр бул мыйзам катары күчүнө кирет. Бул өтө коркунучтуу нерсе, өлкөнүн аброюна өтө катуу көлөкө түшүргөн нерсе болот. Ошон үчүн биз коомдук уюмдар, акыйкатчынын алдындагы коомдук кеңеш, укук коргоочулар кайрылып атабыз. Мамлекет башчынын аброюн, Кыргыз Республикасынын эл аралык коомчулук алдында аброюн түшүрүп албайлы деп катуу аракеттерди көрүп атабыз. Кол койбосун деп жанталашып атканыбыз ошондон болуп атат. Президент тиешелүү жыйынтык чыгарабы деген оюбуз бар. Анткени, бизден кеткен жок, биз президентке бардык материалдарын берип, анан бүгүн менин кирип чыгуум күтүлүүдө. Кечээ мүмкүнчүлүк болбой калды.

- Айрым байкоочулар социалдык оор кырдаалдан, элдин жакырчылыгынан улам күз айларында эл ичинде наарзычылык күчөйт деп айтып жатышпайбы. Бул мыйзам ушул кырдаалга карата алдын ала чара эмеспи?

- Ошондой, бийликтегилер президентке туура эмес маалымат берип атат, айланасында бир топ кошоматчылар да, жакшы адамдар да бар. Кошоматка кой союп эле айтып атышат, күзүндө эл көтөрүлөт, пикетке чыгат аны чектеш керек деген маалыматтар жок эмес. Бирок президент, мамлекет түшүнүш керек, тынч митингдерди ооздуктоо менен биз ийгиликке жете албайбыз. Тескерисинче аларды жөн коюш керек, ошондо элдер өзүнүн ички бугун чыгарып алат. Мен ойлойм, алты айлык тыныгуудан кийин пикет болбой калды деп. Күзүндө катуу пикет болот, элдин баары чыгат, президентти кетирет деген ойдон алыс болушубуз керек. Азыр президенттин экономикалык программасы көп жагынан иштиктүү жүрүп атат, кемчиликтер болуп атат, жетишкендиктер болуп атат дегендей. Азыр президенттин 5 жыл катуу иштей турганы айкын болуп калды. Оппозиция деле муну түшүнүп калды. Биздин оппозиция радикалдуу эмес, реалдуу конструктивный оппозиция деп эсептейм. Ошондуктан мындан эч кандай коркпош керек. Укук коргоочулар такыр пикетке чыкпай, кайра пикетке чыккандарды туура жолго коелу деп атышат.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG