Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

19:35 “Ата мекен” партиясынын Ысыккөлдөгү координатору суракка алынууда


Ысыккөл району боюнча “Ата мекен” саясий партиясынын штаб башчысы Бейшен Ибраевге жер реформасын туура эмес жүргүзгөн деген кине менен кылмыш иши козголду. Анткени ал айыл чарба башкармасы болуп иштеп турган убакта Тамчы айылындагы 16 гектар өрүк багын Таалай Төрөгелдиев аттуу ишкерге менчиктештирүүгө кол койгон. Бирок Бейшен Ибраев соттук териштирүү учурунда мыйзам боюнча мурунку айыл өкмөт башчы Турсунбек Сыдыкбековдун токтомунун негизинде айыл чарба багытындагы көптөгөн объектилер менчикке чыкканын белгиледи. Көпчүлүк талдоочулар муну жер реформасын ишке ашыруудагы калпыстыктарды иликтөө үчүн эмес, жөн гана “Ата мекен” партиясынын мүчөсү катары кысымга алынганын айтып атышат.(RB)

XS
SM
MD
LG